Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

27-мартка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 27-28-март күндөрү Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалалабад чөлкөмдөрүнүн өрөөндүү жана тоолуу жерлеринде –1 градустан –6 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал. Үшүк гүлдөп жаткан мөмөлүү дарактарга терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Бүгүн 27-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Талас дубанында абанын температурасы түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу болот.
Баткен, Ош, Жалалабад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус жылуу. Ысыккөлдө түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн –2…-7 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн –2…-5 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн –2…-4 градус суук, күндүз +7…+9 градус жылуу болоору күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG