Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Каракулжада көчкү жүрдү


ОШ. Каракулжа районуна караштуу Ылайталаа кыштагында ири көлөмдөгү көчкү түштү. Көчкүнүн көлөмү 2 млн. кубометрден ашык деп аныкталууда. Көчкү түнкүсүн жүргөн жана Каракулжа-Алайку жолун бөгөп калган. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин биринчи орун басары Айдаралиев жер көчкү болгон жерге барып, жолду тазалоо иштерине ПЛУАДдан кошумча техникаларды жибертмек болду. Ошондой эле 5 тонна күйүүчү май бөлдүрдү. Бирок район жетекчилиги көчкүнү тазалагандан көрө айланып өтчү жол салдырып, ошого толук шагыл төгүп чыгуу утуштуурак деп эсептөөдө. Бул - Каракулжа районундагы быйыл жүз берген төртүнчү ири жер көчкү. Буйгада 3 млн. кубометрден ашык жер көчкү, Тогузбулакта 6 млн. кубометрге жакын жер көчкү, Сарыбулак айыл өкмөтүнө чыга бериште 4 млн. кубометрдей жер көчкү бар. Жер көчкү коркунучуна байланыштуу Каракулжа району боюнча 41 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин үйлөрүнөн чыгарылып, туугандарыныкында жашоодо.

XS
SM
MD
LG