Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Казакстан менен Кыргызстан бажы тармагындагы макулдашууга кол коюшту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери жолугушуп «Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен транспортту өткөрүү жөнүндө» өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Казакстандын аймагынан тоскоолсуз өтөт.

Бул документкке кол койуу маселеси өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Астанага болгон расмий сапары учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен макулдашылган. Макулдашуунун долбоору Кыргызстандын жана Казакстандын бажы кызматтары тарабынан иштелип чыкты. Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, жакын арада казак парламентинде бул макулдашууну ратификациялоо маселеси каралат.

XS
SM
MD
LG