Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Кытайдын экономикасы ылдам өсүп, дүйнөдөгү кубаттуу өлкөгө айланып барат. Өткөн 2003-жылда Кытайда ички дүң продукция 9 проценттен ашуун өстү. Былтыр биринчи жолу дыйыкандардын орточо кирешеси шаардыктартардын тапкан дараматынан ашып түштү. Бирок, элди электр кубаты менен камсыздоодө өтө олуттуу проблемалар бар. Атап айтканда, өлкөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө электр энергиясы маал-маал өчүрүлүп турганы Кытай компартиясы үчүн талуу маселе.

Кытайдын экономикалык өсүүсүн күбөлөгөн көрсөткүчтөр адистерди көңүлкош калтырбайт. Таң калтырат. Алсак, өткөн жылы Батыштын бакубат өлкөлөрүнүн орточо жылдык өсүүсү 3 проценттен ашпады. Кытайда ички дүң продукция 9, 1 процентке өстү. Кара майдын импортоо дээрлик үчтөн бирге көбөйдү. Автомобилдерди жасоо, ишканаларды, аэропортторду куруу болотко болгон керектөөнү күчөтүп, Кытай болотту импорттоо боюнча АКШдан ашып кетти.

Экономикадагы оң жылыштар аскерий чыгымдардын өсүүсү менен коштолууда.

6-март күнү Кытай парламентинин жылдык жыйында финансы министри Цзинь Жэнцин:

- Улуттук коргонууга бөлүнгөн чыгымдар быйыл 21, 830 миллион юанга өсөт. Бул өткөн жылга салыштырганда 11, 6 процентке көп...

Цзиньдин сөзүнчө, үстүбүздөгү жылы ырасмий Бээжин коргонууга бардыгы 25 миллиард доллар жумшайт. Азыр Кытайда 2, 5 миллион аскери бар. Бул дүйнөдөгү эң чоң армия.

Кытайда өндүрүштүн кеңейүүсү электр кубатын пайдаланууну 15 процентке өстүрдү. 2003-жылы Кытайда көмүр казып алуу 100 миллион тоннага өссө да, аздык кылууда.

Эксперттер отун энергиясын керектөө акыркы жылдары “асман тээп” өсүүдө, тартыштык жалгыз Кытайга эмес, башка өлкөлөр үчүн да мүнөздүү дешет

Алдыга көз чаптырсак, 2020-жылы отун энергиясын керектөө Кытайда азыркыга караганда эки эседен ашык өсөт.

Отун-кубатка болгон талапты канааттандыруу максатында Кытай бийликтери келээрки 15 жыл аралыгында бери дегенде 100 жаңы станцияны курууну мерчемдөөдө. План боюнча, алардын 20сы атомдук электр станция болсо, калгандары суу жана көмүр менен иштеген станциялар болуш керек.

Кытай компартиясынын бу планы табият коргоочуларды азырттан этияттантып, коогага салууда. Себеби, “Нью-Йорк Таймс” гезити байкагандай, ырасмий Бээжинде жаратылышка зыяны аз, “таза” долбоорлор дээрлик жок.

Кытайлык көпчүлүк атка минерлер ойлогондой, ГЭСтер электрдин салыштырмалуу таза булагы эсептелсе да, чоң дарыялардын ылабындагы экологиялык балансты бузат деп кооптонушат адистер.

Ансыз да, электр жана жылуулук станцияларынын 70 процентинде көмүрдү пайдалануу жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүдө.

Абаны булгаган өндүрүштүк газдардын көбү көмүрдү жакканда бөлүнөт. Эксперттердин болжолдошунча, Кытай 2020-жылы АКШны кууп өтүп, көмүр кычкылын абага эң көп бөлгөн өлкө болуп калат.

Кытай ошентип отун энергиясын керектөөдө Кошмо Штаттары менен атаандаш болуп калганда эң опурталдуу маселе- жаратылышты коргоо болот. “Ошондо дүйнө дагы бир Кошмо Штаттарына чыдай алабы?” деп кооптонот Америкада катталган Жаратылышты коргоого адистешкен адвокаттар тобунун Бээжин кеңсесинин эксперти Цзянг Цзянью.

Сөз соңунда айтка кетчү нерсе, азыр Кытайда отун энергиясы өтө коромжолдуу пайдаланат. “Кэмбриж энерги консалтинг” фирмасынын эсебине караганда, кытайлык ишканалар Кошмо Штаттардын өнөр жай ишканаларына караганда, электр кубатын 70 процентке көп керектейт.
XS
SM
MD
LG