Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

КОШ ТИЛ САЯСАТЫ, «ТИЛ ТАГДЫРЫ – ЭЛ ТАГДЫРЫ» ЫНТЫМАГЫ, ЖУРНАЛИСТТИН КАМАЛЫШЫ


Кыргызстанда көп тил билүү зарылдыгы белгиленип, кош тил саясаты колдоого алынууда. Эки тилди мыкты билүү, бирөөн пассынтпай, экинчисин көкөлөтпөй коомдук турмушта экөөн бирдей колдонуу керектиги айтылууда. Ушу тапта жер-жерлерде “Тил тагдыры – эл тагдыры” ынтымагы уюштурган иш-чаралар өтүүдө. Кыргыз басылмаларында “Энесай” эркин гезитинин башкы редактору камакка алынышынын жөн-жайы, себептери иликтенүүдө.

Ушул жылдын 18-мартында Бишкекте “Энесай” гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов кармалган. Иштин чоо-жайына жума күнкү “Агым” гезитинде Кубан Мамбеталиев “Энесай” гезитинин баш редактору эмне болуп колго түштү?” деген макаласында токтолду.

Кыргызстандын тышкы саясатынын күңгөй-тескейлерин Алым Токтомушев “Кыргыз бийлигинин “кукурузасы” деген макаласында талдоого алган.

“Тышкы саясаттагы эбегейсиз эки жүздүүлүк, кыргыз калкынын түпкү кызыкчылыгын эсепке албагандык, эптеп кредит алып, пайда табуунун амалы коомдук пикирди биртоп козуткан учурлар бар. Эки тургай кээде андан эки эсе көп жүздүү саясаттын айынан бир буту жээкте, бир буту кайыкта калгансыган калк калдайган суроолорго аргасыз кабылып да жүрөт”, деп жазат макала автору.

А.Токтомушевдин пикиринде, “кымындай Кыргызстанга “жылдызы каршы” килейген эки мамлекеттин аскерий базасынын жанаша жайгаштырылышы менменсинген саясатчылардын да алаканын аргасыз жайдырды”. Азыркы бийликтин камчычабарлары муну “биз кичинекей жарды мамлекетпиз, ошондуктан шайтанга болсо да макул деп, пайда өндүрүүнүн жолун издешибиз керек”, деп түшүндүрүшүүдө. Жалаң тышкы карыз, жардамга күнү түшкөн өлкө кредит алуунун амалында эларалык уюмдардын текши баарына мүчө болуп алган, деп белгилейт А.Токтомушев.

Кыргыз тилинин кадырын көтөрүү амалында ушу тапта “Тил тагдыры – эл тагдыры” ынтымагы өткөрүлүүдө. Апта соңундагы санында “Аалам” гезити мына ушул иш-чаранын республика боюнча кандай өтүп жатканын маалымдады. “Нарындагы жолугушууда бир студент кыз чыгып “Акыры кыргыздар намысына келип тилин коргоп чыгаар. Өздөрүнүн улут экенин сезээр, деп ойлой берчү элем. Бүгүн ошол күткөн күнүм келди. Апам мага жол киреге деп 10 сом берген, 5 сомун коротуп койдум эле, 5 сомун ынтымакка кошом. Өзүм үйүмө жөө кетем” дегенде чыны көзүмдөн жаш тегеренди”, деп жазат Чолпонбек Абыкеев. Басылмада кыргыз-казак төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы тууралуу “Айтыш” коомунун төрагасы Садык Шер-Нияздын, өнөр сынагында баш байгени жеңип алган Жеңишбек Токтобековдун маеги жарыяланган.

Кыргыз-орус тилдерин эриш-аркак өнүктүрүү, анын бирөөн пассынтпай, экинчисин көтөрө чаап көкөлөтпөй экөөнө тең мамлекеттик колдоо керектигин апта соңундагы “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу”, “В конце недели” гезиттери жазышты. Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек.

“Эмне үчүн Чаткалдан же Нарындан келген же ошол тараптан кайрылган адам Акүйдөн же башка мекемеден котормочу издөөсү керек”, деп суроо коет “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы П.Дүйшөнбаев.

Дүйнөнүн биртоп жерлеринде уруш өртү чыкканын, Балкан, Жакынкы Чыгыш, Кавказ чөлкөмүндөгү өрттүн башка жерлерге таралуу коркунучу бар экенин апта соңундагы “Заман Кыргызстан” гезити жазды. Басылмада эларалык театр күнүнө карата “Театр өчкөн жок, жанданууда” деген макала жарыяланган. Гезиттин маалымдоосуна ынансак, Кыргыз улуттук драма театрында, жылына 5 –6 жаңы оюн коюлат.

Социализм заманында жаамы дүйнөлүк сый-урматка ээ болгон Чыңгыз Айтматов жергиликтүү теле көрсөтүүгө аңгеме-дүкөнгө келчү эмес, деп эскерет Александра Черемушкина “В конце недели” гезитиндеги “Бүтпөгөн аңгеме” деген макаласында. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эл абыдан кыйналып, эсин таппай турган оор мезгилде калк көркөм сөз пиринин калбаат сөзүн, жакшы акылын самап турган. Бирок Ч.Айтматов элинен алыстап, алгач Москвада, андан кийин Европага иштеп кетти, деп жазат А.Черемушкина.

Кыйын кезеңде калкынан боюн алыс кармаган улуу сүрөткердин баркы аз-аздан түшүп баратыры. Эл жазуучусу оор турмуштун айынан жеринен алыстап, четте жүргөн мекендештеринин тагдырын билээр бекен? “Демократия аралчасы” болбой калды, кичинекей өлкө баарына жагыныштын амалын жасап жан багууда. АКШ менен Орусиянын эки аскерий базасы жанаша туру. Элдин көбү жарды, азы бай. Ч.Айтматов чыгармаларынын чет элде окулганына, коюлганына ыраазы болуп жүрөт, дейт А.Черемушкина.
XS
SM
MD
LG