Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

ЖУРНАЛИСТ БАХПУРБЕК АЛЕНОВ ӨЗҮН КҮНӨӨСҮЗМҮН ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


«Энесай» гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалып, 18-марттан бери убактылуу кармоочу камакта отурат. Ага "опузалап акча алган" деген айып коюлууда. Бирок ага журналисттин өзү макул эмес.

"«Энесай» эркин гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов - пара алды деп айыпталып камалган экинчи журналист. Буга чейин жалалабаддык журналист Самаган Орозалиев ушундай эле кинээ менен айыпталып кармалган" дейт «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев:

- Эки жыл мурда Самаган Орозалиев деген тележурналистти акча алды деп күнөөлөп, ал 9 жылга соттолгон. Бахпурбек Аленов «пара алды» делип кармалган экинчи журналист. Депутаттар, чоң жетекчилер болобу гезиттин бетине сын материал чыккандан кийин чөнтөгүнө конверт салып, артынан күч органдарынын кызматкерлерин жиберип, камерага тартып, "мына далил - чөнтөгүнөн акча чыкты. Опузалап акча алды, пара алды" деп эле камай берсе, анда ар бир журналистти камай берсе боло берет экен да. Мындай камоонун ыкмасы өзүнчө бир тажрыйбасы болуп калабы? Мен Аленовду жакшы билем. «Кыргыз Руху» гезитинин редакторунун орун басары, редактордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. Анын артыкчылыгы - дайыма журналисттик изилдөө боюнча алектенип жүргөнүнөн улам ушундай абалга туш келдиби деген ой келет. «Интерньюс» уюмунда атайын юристтер бар. Алар журналситтер менен такай кызматташып келет. Ошол уюм аркылуу Аленовду коргоо аракетин көрүүдөбүз.

Кубан Мамбеталиев айткандай, Бахпурбек Аленов 18-мартта иш ордунан ички иштер министрлигинин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, депутат Тайырбек Сарпашов тууралуу жазам деп, акча талап кылган деген айып менен камалган. Кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Аленовду он күн камакка алып турганга уруксат берген.

Тилекке каршы, ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына кайрылып, жарытылуу жооп алалган жокпуз. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын начальниги Жолдошбек Бузурманкулов жагдай тууралуу мындай дейт:

-Тайырбек Сарпашевдин агасына барып "эгер 800 доллар бербесеңер, иниңди талкалап жазам" деп опузалаган. Алар "беребиз" деп, милицияга кабарлап, акчаны чөнтөгүнө салып кетип бараткан жеринен милиция кызматкерлери кармап, убактылуу камакка киргизилген.

«Энесай» гезитинин төртүнчү санына депутат Тайырбек Сарпашев жана анын айланасындагылар тууралуу материал басылган. Тайырбек Сарпашев бир тууганы Эмир Сарпашев менен Б.Аленовдун ортосундагы мамиле тууралуу мындай дейт:

-Эмир Сарпашев - менин бир тууган агам болот. Ал мен жөнүндө эл арасында жакшы пикир болуусун каалайт. Депутат болгон мезгилдердеги мээнети талаага кетпесин деген тилекте. Ошондуктан шантаж жасаган адамга мыйзам ченеминде чара колдонгон. «Энесай» гезитинин редактору агама келип "Тайырбек Сарпашевдин үстүнөн даярдалган сын материал бар" деп коркутуп-үркүтүп, акча талап кылган. Ошондон улам тартип коргоо органдарына кайрылган.

Сарпашевдин айтымында, Б.Аленов камакка алынган күндөрү ал чет мамлекетте жүргөн. Башкы редактордун камакка алынышына менин катыштыгым жок дейт депутат:

-Дагы бир жолу айтайын, бул жерде сөз депутат Сарпашев жөнүндө эмес. Бир тууган агам Эмир Сарпашевдин да башка адамдардай эле өз укугун коргоого акысы бар экени эске алынса дейм. Журналисттик кесип - ардактуу кесип. Ардактуу кесипке шек келтирбесек дейм. Бул иш кандай болгон, далилдер бар - алар сотто айтылат. Ар бир адам мыйзам ченеминде айыбына ылайык жооп берет.

Камакта отурган Бахпурбек Аленов болсо айыпталып жатышын депутат Тайырбек Сарпашевден көрөт:

-Менин чөнтөгүмө бир нерсе салгандай болду. Түшүнгөн жокмун. Булар сүйлөшүп келишкен экен. Колумду кайрып, чөнтөгүмдөн акча алып чыгышты. "Сен Тайырбек Сарпашевдин кадыр-баркына шек келтирген материал берип жатасың" дешти. Доо кетирген материал басылган эмес.

Журналисттин камалышына Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кабатырлануусун билдиришти. "Муну басма сөз эркиндигине болгон кысым деп эсептейм" деди мыйзамчы депутат Замирбек Парманкулов. "Андыктан Аленовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун ылайыктуу көрөм" дейт ал:

-Журналист кандай себептерден улам камалды, аны - тергөө аныктайт. Менин айтаарым - басма сөз эркиндиги демократияны өнүктүрүп, мамлекетти алдыга сүрөй турган бир күч деп эсептейм. Журналист чоң кылмыш жасап койбосо керек. Миллиондогон акчаны уурдап кеткен кылмышкерлер толтура, аларды таппай деле жүрбөйбүзбү. Журналист - коркунучтуу кылмышкер эмес. Ошондон улам аны камап салуу өтө эле оор деп ойлойм. Ачыкта жүрүп, тергөө ишине катышып турса болот. Депутат катары тартип коргоо органдарына, бийлик бутактарына айткым келет: «журналисттин камактагы баш коргоо чарасын ачыкка өзгөртүп, укугун коргоого мүмкүнчүлүк бериш керек».

Депутат З.Парманкулов: «мындай сунушун бир катар депутаттардын колдоп чыгышына ишеними бар». Бирок Бахпурбек Аленовдун өзү ага макул эмес. Анткени ал өзүн айыпсызмын деп эсептейт. Андыктан жөн жеринен камалдым деп карайт. Ошону менен катар менин камалышында эч кандай саясый мүнөз жок дейт:

-Бул жерде чындыкка келишибиз керек. Болгон окуяны жазганбыз. «Жол салгандан көрө, там салганды үйрөнгүлө» деген макаланы Тайырбек өзү деле көргөн. Өзүнө да окуткам. Мындай теңирден тетири иш жасатканы туура эмес дейм. Алардын максатын түшүнбөйм. Пара алып, жегич жалаң эле журналисттерби? Максаты эмне? Мен эч кимден акча талап кылып, коркутуп алган жокмун.
XS
SM
MD
LG