Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

ДЕПУТАТТАР УЛУТТУК БАНКТЫН ИШИН ТАЛДАШТЫ


26-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын жыйынтыгында банктын 2002-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттко карата палата өз чечимин кабыл алыш керек.

Улуттук банктын отчету эле эмес, банктын ишин текшерген депутаттык комиссиянын сессияда өз маалыматын жарыялоосу да Улуттук банктын жетекчилигинин дарегине карата сындын күчөшүнө түрткү болду. Эл өкүлдөрү негизинен, Улан Сарбановду Улуттук банктын валюта корун натыйжалуу пайдаланбаганы, өз кызматкерлерине айлык акыларды жогору коюп, көп жылдык мөөнөткө үстөк пайызсыз насыяларды бергендиги жана коммерциялык банктардагы коррупция, уурдоочулукка жол берип, аманатчылардын укуктарын коргобогондугу үчүн сынга алышууда.

Мындай учурда 1990-жылдардын орто ченинде жогорку даражалуу кызматкерлер четтен 30 миллион доллардай акчаны өтө жогору үстөк пайызы менен алып, анын уурдалып-тонолуп жок болуп кеткендиги да Улуттук банктын башчысынын башына муш болуп тийе баштады. Депутаттар бул насыяны төлөө жүгү кандайча Улуттук банкка өтүп калгандыгы жана ага ким уруксат бергендигине кызыгышты. Банктын төрагасы Сарбанов «Жибек жолу» долбоору боюнча алынган ал карыз Апас Жумагулов жетектеген өкмөттүн чечими менен Улуттук банкка жүктөлгөнүн билдирип, мындай төлөмдөр жүргүзүлгөнүн кабарлады:

- Биз 3 миллион доллардан ашык үстөк пайыз төлөдүк. Андан кийин 2002-жылдын 31-майында 23 миллион 400 миң доллар төлөнүп, карыздын баары жабылган.

Анын айтымында, «Жибек жолу» долбоорунун мамлекетти сызга отургузушуна байланыштуу убагында кылмыш иш козголуп, бирок жамааттык жоопкерсиздикке жол берилген деп, эч ким жазаланган эмес. Натыйжада насыяны алгандар эмес, анын алынышына кепилдик берген өкмөт үстөк пайызы менен төлөөгө мажбур болгон.

Депутат Александр Савицкий 350 миллион сомдон ашыгыраак сумманы түзгөн аманатчылардын акчасын кайтаруу жагы каралып жатабы деген суроону койду. Улан Сарбановдун айтымында, бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, анын жардамы менен 7 жылдын ичинде төлөп берүү жагы каралып жатат.

Депутат Кыдыкбек Исаевди Улуттук банктын жетекчилигинин валюта корунун натыйжасыз пайдаланылып жатканы өзгөчө нааразы кылып, бул ишке жооп берген Улуттук банктын төрагасынын орун басары Эмил Абдуманаповду кызматтан алууну сунуштады. Улан Сарбанов акча корун пайдаланууда кемчиликтер бар экенин белгилөө менен, бирок аны каалагандай пайдаланууга жол берилбесин, ал каражат Эл аралык валюта корунун да көзөмөлүндө турганын билдирди.

Депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө, алардын кудуретсиздикке учуроолоруна да токтолушту. Эл өкүлдөрүн бир эле Эдуард Пак деген атуулдун «Крамдсбанкты» банкротко учуратып, аманатчыларды сызга отургузуп, андан кийин эле «Рентонгрупп» бирикмесин түзүп, анда да жүздөгөн амантчыларды алдап кетүүсүнө эмне үчүн Улуттук банк жол берди деген суроону беришти.

Маселен, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Сооронбай Шарипов мындай суроо койду:

- Эдурад Пак «Крамдсбанк», «Рентонгрупптун» уюштуруучусу. Ал Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 2 миллион 700 миң доллар насыясын 1993-жылдан бери кайтарбай жүргөнүнө карабай, силер «Рентонгруппту» түзүүсүнө жол берип жатпайсыңарбы. Улуттук банктын ушундай көз жумуп койгону үчүн эл 350 миллион сом акчасын алдырып отурат.

Бирок Улан Сарбанов «Рентонгрупптун» түзүлүүсүнө жол бербөөнү өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылганын жана ага кагаз жүзүндөгү далилдер бар экенин билдирди.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Улуттук банктын ишмердүүлүгүн кескин сынга алган менен анын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табуу тууралуу комиссия сунуштаган токтом долбоорун кабыл алган жок. Токтомдун жаңы долбоорун түзүү боюнча иш дүйшөмбү күнү улантылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG