Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

ООГАН ӨКМӨТҮ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫН КҮЧӨТҮҮДӨ


Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Ооган өкмөтү өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо багытында чукул реформа жасоо аракетин көрө баштады. Бул эки багытта жүрүшү болжолдонууда. Тагыраак айтканда, өлкөнүн күч бийлигине атаандаш күчү бар аймактарды куралсыздандыруу жана Ооган улуттук армиясынын кубатын арттыруу өкмөттүн негизги максаты болууда. Мындай чукул аракеттердин башталышына Коргоо министрлигине таандык аскер күчтөрүнүн бир бөлүгү менен Герат провинция башчысынын тарапкерлери ортосундагы ушул жекшембидеги кагылышуу түрткү болду.

Бир күн мурда Кабулдун чоң мечиттеринде 21-марттагы Гераттагы кагылышта набыт болгондорго куран окутулду. Герат вилаетинин баштыгы Исмаил Хандын карамагындагы куралдуу күчтөр менен ырасмий аскер күчтөрүнүн 4-корпусунун ортосундагы кагылышууда 100 чамалаш адам набыт болгон. Өлгөндөрдүн ичинде Исмаил Хандын уулу, граждандык авиация жана туризм министри Мирвайс Садык да бар.

Чатактын башталышын Исмаил Хандын тарапкерлери ага өкмөтчүл адамдар кол салуу аракетин жасагандан кийин башталгандыгын айтышууда. Исмаил хан болсо уулун ким өлтүргөнүн табууга Хамид Карзай киришпесе бул ишти өзү аткарарын билдирүүдө.

Эл аралык кризистик топтун Ооганстан боюнча эксперти Викрам Пейрх Герат чатагы өткөн жылдан бери Герат менен борбордук өкмөт ортосунда бийлик талашуунун күчөгөн көрүнүшү катары баалайт.

Кандай болгон учурда да байкоочулар Герат вилаетине байланышкан мындай чыңалуу жалпы өлкөнүн коопсуздугуна доо кетириши ыктымал деген көз караштарын айтышууда. Бирок АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад жагдай анчалыкка жетпейт деген ойдо:

- Мен антип ойлобойм. Гераттагы кризис өлкөнүн стратегиясына доо кетирбейт деп ойлойм. Менимче, бул айрым маселелерди биринчи планга алып чыгууну шарттап жатат. Кырдаалдан сабак алып, куралсыздандыруу жана Ооган улуттук аскер курамын күчтөндүрүү азыркы шартка ылайык болор эле.

Президент Хамид Карзайдын өкүлү Жейвд Ладин да ушул пикирди колдойт. Анын айтымында, куралсыздандыруу аракеттерин ыкчамдатып, андан тыянак чыгарбаса, кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Мындай пикирин ал алдыда жакындап келаткан президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү менен байланыштырды.

“Азаттыктын” Кабулдагы кабарчысы Рон Синовиздин айтымында, журналисттер менен болгон жолугушууда Карзайдын өкүлү улуттук куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн күчтүү аскер башчылары бар аймактарга туруктуу жайгаштыруу боюнча аракет көрүлүп жатканын кыйытты:

- Борбордук бийликтин башкы максаты жалпы коопсуздукту, анын ичинде Гераттын жана элдин коопсуздугун сактоо. Бул окуянын маанисин терең ойлонуп, анын негизинде көп программаларды ишке ашыруу аракетин көрөбүз. Анын ичинде куралсыздандыруу да бар, бул албетте, өтө маанилүү.

“Азаттыктын” Кабулдагы кабарчысынын иликтөөсүнө караганда, Ооган өкмөтү менен америкалык аскерий жетекчилер биргелешип, жаңы долбоорду ишке ашыруу камын көрүүдө. Ага ылайык Герат, Кандагар, Мазари-Шариф, Гардез вилаеттерине улуттук армиянын туруктуу горнизондору жайгаштырышы ыктымал.

Бирок генерал Мазандын айтымында, Исмаил Хан улуттук армиянын буга чейин убактылуу жайгашып турган 4-корпусунун Гератта биротоло калышын каалаган жери жок. Ал эми Хамид Карзайдын өкүлүнүн айтымында, аскерий күчтөрдүн Гератта жайгашышына жергиликтүү лидер расмий макулдук берген жана бул кадам туруктуулуктун сакталышына олуттуу таасир этет:

- Ооган улуттук армиясынын жайгашышы жакшы натыйжа берет, - дейт Хамид Карзайдын өкүлү, - Биз ушуну күтүп, үмүттөнүп турабыз. Байкап көрөбүз.
XS
SM
MD
LG