Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Брюсселде Европа Биримдигинин эки күндүк бийик жолугушуусу аяктады


Кечээ күнү Брюссел шаарында Европа Биримдигинин эки күндүк бийик жолугушуусу аяктады, май айында Биримдикке он мамлекет жаңы мүчө болуп кошулаардын алдында бул акыркы саммит болду. Декабрда талкууланып, кабыл алынбай калган конституциянын долбоору боюнча бул жолу дагы бир пикир болгон жок жана эми ал июнда кайра талкууланат. Анткен менен террорчулук маселеси боюнча Биримдиктин атайын өкүлү деген кызмат киргизилип, ал орунга Нидерланддын ички иштер министринин мурдагы орун басары Гийс де Вриес дайындалды. Андан тышкары жыйын Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине кайрылып, аны Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG