Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

ТЕАТР КҮНҮНДӨ “МАНАСТЫ УНУТКАРЫП” САЛГАН ЖОКПУЗБУ?


Бүгүн - эл аралык театр күнү. Бул күнү мурдакы КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана көркөм өнөр багытындагы мамлекеттик бийлик мекемелери театр фестивалын же атайын жыйын өткөрүп, өнөрпөздорго сыйлык, белек ыроолошуп көңүл бөлөт. Учурда Кыргызстанда 15тен ашуун профессионалдык театр бар. Өлкөдөгү ар-бир майрам, салтанаттуу кечелер, мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар театр өнөрпоздорусуз өтпөйт. Бирок, кыргыз театр ишмерлеринин оюнча, өлкө бийлиги сахна чеберлеринин бүгүнкү кесиптик майрамына анча көңүл бурган жок.

Байыртадан адамдар руханий дүйнөсүнө азык алып, күнүмдүк көр турмуштан алаксуу үчүн ар кандай салтанаттарды, оюн-зоокторду уюштурушкан. Адамзаат тагдыры менен байланышкан бул театр өнөрү чанда бир адамга, кудайдын сүйгөн кишисине гана берилет, деген кеп бар. Бекеринен драматургия менен театрдын башаты Дионис кудайы, деп аталбаса керек.

Театр – кыргыздарда кечээ эле пайда боло койгон жок. Көчмөн элде театрдын пайда болуу тарыхы тээ алмустактан келет. Улуттук каада салттар, диний ырым-жырымдар, үрп адаттар, жаштардын оюну өзүнчө эле театр өнөрүнүн үлгүлөрүнө жык толгон.

Кылымдарды карытып, кагаз бетине жазылбастан оозеки түрүндө бүгүнкү күнгө жеткен, улуттун руханий дүйнөсүнүн туу чокусу «Манас» эпосун айтуучулар, азыркы көз караш менен караганда «бир актердун театрынын» үлгүсү.

Азыркы Европа театрынын агымы кыргыз жергесине 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Кыргызстанга орустардын келиши менен Ысыккөлдүн Каракол шаарында 1884-жылы славян улутундагылар «драмалык өнөрдү сүйүүчүлөр» коомун уюштуруп, Гоголдун, Чеховдун, Горькийдин пьесаларын сахналаштырган. Ошол кезде коомдун мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз кыргыз Сыдык Карачев «Борч» аттуу пьеса жазып, ал чыгарма сахналаштырылып, жергиликтүү мусулмандарга көргөзүлөт.

Ал эми Европанын жана орус театр өнөрүнүн таасиринде, кыргыз профессионалдык театры 1926-жылы 2-ноябрда түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир опера балет, эки филармония, ондон ашуун драмалык театрлар бар. Кийинки мезгилде кыргыздын сахна чеберлери өздөрүнүн күчү менен чет жерлерге барып эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга жетишүүдө.

1962-жылы Франциянын баш калаасы Парижде Улуттар театры ачылып, анын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун 9-конгрессинде «27-март - эл аралык театр күнү» катары белгиленсин деген атайын токтом кабыл алынган.

Кырк жылдан ашуун мезгилден бери театрдын кесиптик күнү ар бир мамлекетте ар түрдүүчө белгиленип келет. Мисалы,Орусия федерациясы театр ишмерлеринин кесиптик күнүндө «Алтын бет кеп» аттуу театр фестивалын өткөрүп, сахна чеберлерине мамлекеттик сыйлык ыйгарып, коомчулуктун күңүлүн бурат.

Ал эми Кыргызстанда сахна чеберлеринин кесиптик күнү кандай белгиленди, аны өнөрпоздордун өзүнөн уксак. Кыргыз Республикасынын эл артисти Асангул Осмонов:

- “Маданиятсыз эл - улут болуудан калат”-деген кеп бар. Өкмөт маданиятка бүгүнкүдөй мамиле кылып отурса, улуттун эртеңки келечеги кандай болот? Бүдөмүк. Театр күнү биздин кесиптик күн болгондон кийин, бийлик көңүл бурбай койду, деп кол куушуруп отуруп калган жокбуз., “Жетим өз киндигин өзү кескендей”, театр жамааты майрамдык концерттик программа даярдап, өзүбүздүн көңүлдү өзүбүз көтөрдүк.

Совет биримдигинде мамлекет театр өнөрүнө өзгөчө көңүл буруучу, дейт Кыргыз республикасынын эл артисти Мамбет Асанбаев:

- “Илгерки Советтер биримдигинде театр күнү өзгөчө белгиленүүчү. Театр фестивалдары өткөрүлүп, коомчулук тарабынан көңүл бөлүнчү. “Азыр анын бири жок, уй байлаарга жиби жок”. Бул заманда бизге караганда бал челекчилердин күнү зор салтанат менен белгиленет.

Ал эми өкмөт милиция күнүн, прокурорлордун, соттордун кесиптик күнүн, бажы, салык, коопсуздук кызматынын кесиптик күнүн мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүп, мамлекеттик сыйлыктарды, кымбат баалуу белектерди берип, «Көкөтөйдүн ашындай» дүңгүрөтүп калышат, маданият кызматкерлерине, көркөм өнөр ээлерине келгенде эле өкмөт өгөйлөп калат, деген пикирин билдирди Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаев.

- Учурда мамлекеттик манайдагы маданий иш чаралар өнөрпоздорсуз (артисттерсиз) өтпөйт. Айрыкча президенттик шайлоо, Жогорку Кеңешке шайлоо башталганда артисттерден кадыр барктуу адам жок болуп калат. Бүгүнкүдөй кесиптик майрамына келгенде, артисттер эстен чыгып калат. Өкмөт, коомчулук тарабынан көңүл бурулбаганда, жан дүйнөң эңшерилип кетет экен. Аргасыздан Семетейдин монологундагы: “Эли жок жетим аталдым, жери жок жетим аталдым”, деген сөзү эске келет.

Кыргыз улуттук драма театрынын сахна чеберлери 27-март - кесиптик күнүнө карата чоң программадагы концерт даярдашып, өздөрүнүн көңүлдөрүн өздөрү көтөрүп, бири-бирин куттукташты.
XS
SM
MD
LG