Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗДӨ ЭМНЕ КЕП?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Орусия жумуриятында ушул аптада орун алган негизги окуялар басма сөздө ага чейинки президенттик шайлоонун жыйынтыгы же уландысы катарында көрсөтүлгөндөй. Жаңы шайланган орус саясий жетекчилиги эми өзүнүн катарын тазалоого киришти. Президенттик администрациядагы өзгөрүүлөр жана орус турмушундагы айрым урунттуу окуялар жөнүндө орус басма сөз каражаттарында эмне кеп бар?

Ушул аптада жүз көргөн президенттик администрациянын курамынын өзгөрүшүн орусиялык саясий аналитиктер «тазалоо, же кыскартуу» жараяны деп таанышты.

«Коммерсант-Daily» бул жараян менен жакында эле аяктаган министрлер кабинетинин алмашылышында окшош аракеттер көп колдонулгандыгын айтып, эми орус Өкмөтү да, президенттик администрация да курамын кеңейтпей, тетирисинче кыскартып жатышканына токтолду.

«Негизи, Орусия тарыхында, бул өңдүү аракеттер акыркы төрт кылым ичинде бир канча ирет кайталанууда», - дейт «Известия» басылмасы. «Бирок бул реформа мамлекетке дайым эле ийгиликти алып келген эмес». Бул жолку Путиндин чечкиндүү аракеттери кандай жыйынтык берээри тууралуу басылма божомол айтуудан баш тарткандай.

Анткен менен саясий талдоочулар бул окуяны көптөн бери эле күтүшкөндүктөрү айтып чыгышты. Мисалы, «Саясий технологиялар борборунун» жетекчиси Игорь Бунин «Газета» күндөлүк басылмасына берген маегинде: «Президенттик администрациянын жаңы түзүлүшү буга чейинки советтик системадан мурасталган түзүлүштөн айырмаланып, эми Франция тарыхындагы Бешинчи республиканын сөлөкөтүн берет», - деди.

Буниндин ишениминде, «мындан ары президенттик администрация көбүнесе өлкөдөгү саясий маселелерди чечүү менен алектенет, ал эми башка проблемалар дээрлик толугу менен Өкмөткө жүктөлмөкчү».

Анткен менен бул жараян толугу менен бүтө элек. Бирок анын 7-майга чейин, тактап айтканда, Орусиянын кайрадан шайланган президенти Владимир Путиндин инагуарациясына чейин, аякташында «Московский комсомолец» гезити күмөн санабайт.

Орусиялык гезиттерде орун алган ушул мезгилдин дагы бир талуулуу маселеси – мыйзамсыз миграция жана аны менен тыгыз байланыштагы орус жеринде актуалдуулугу жогору көйгөй – ашынган улутчулдук проблемасы.

«Время новостей» жазышынча, Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы мыйзамсыз мигранттарга жаңы күрөш жарыялады. Эми бул күрөштө орус шаарларында эптеп тыйын-тыпыр табуу аракетин көрүп жүрүшкөн мыйзамсыз эмгек мигранттары эле эмес, аларды жумушка алып жатышкан 25миңден ашуун орусиялык фирмалар да жоопко тартылышат жана бул күнөөсү үчүн аларга тагылуучу штрафтын көлөмү да жогорулайт.
Миграциялык кызматын өкүлү Михаил Кравченконун айтымында, ушул өңдүү айыптардан топтолгон акча жылына региондордун казынасына 600, кээ бир учурларда 900 млн.рубль киреше берип турат.

Ал эми «Новые известия» жана дагы бир катар басылмаларды орус аймагындагы улутчулдук маанайынын курчушу өзгөчө сарсанаага салууда. «Жакында эле Воронежде африкалык студентти өлтүрүп кетишкен скинхеддерге жооп катарында, Крым татарлары Украинада митинг өткөрүшүп, скинхеддер менен славян улутундагыларга согуш жарыялашты», - деп айтылат макалада.
XS
SM
MD
LG