Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Алатоодогу жекшемби күнкү аба ырайы


Кыргызстандын гидрометеорология борборунун билдирүүсүнө караганда, эртең (28-мартта) өлкөнүн аймагында күн ачык болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0..-5 градус суук, мезгил-мезгили менен -1..-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз +12…+17 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +10…+15 градус жылуу.
Баткен, Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында -1…-3 градус суук үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын температурасы: түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градус жылуу.
Ысыккөл чөлкөмүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +8…+13 градус жылуу.
Тоолуу Нарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +10..+15 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз +13…+15 градус жылуу.


Жергиликтүү кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчыларыбыз даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG