Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады


НАРЫН. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Атбашы районундагы Акмуз жана Кочкор районундагы Талаабулак айыл өкмөттөрүндө мурда бошоп калган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоо болот. Акмуз айыл өкмөт башчылыгына бир, ал эми Талаабулак айыл өкмөтүн жетектөөгө төрт талапкер катталды деп билдирди облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев. Талапкерлердин арасында бир дагы айым жок жана саясий партиядан өкүл талапкерликке көрсөтүлбөгөн. Ал эми "Алга Кыргызстан" жана "Биримдик" партиялары округдук шайлоо комиссияларынын курамына эки адамды мүчөлүккө сунуш кылышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, буга дейре тоолуу дубанда мөөнөтүнөн мурда айыл өкмөт башчыларын шайлоо эки жолу болуп өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG