Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кыргызстанда театр күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драмалык театрында эл аралык театр күнүнө арналган майрамдык концерт болду. Ага театрдын артисттери менен катар, республиканын белгилүү эстрада ырчылары катышты. Эл аралык театр күнүнө карата борбор калаадагы улуттук театрда «Токтогул», «Адам жана Азезил», «Ормон-хан» спектаклдери көрүүчүлөргө тартууланды. Бүгүн ошондой эле Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда да театр күнүнө арналган концерт болуп, ага Чүй камералык оркестри, белгилүү пианист Евгений Михайлов, кыргыз фльклордук ансамбли катышты. Бишкектеги Асанбек Өмүралиев атындагы театрда, Муса Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрларында да бул күнү спектаклдер көрсөтүлдү. Театр күнү облустук театрлар менен райондук маданият үйлөрүндө да белгиленди. Театр күнүн 27-мартта белгилөө жөнүндөгү атайын токтом 1962-жылы Париждеги улуттук театрдын ачылыш салтанатында Театр ишмерлер институтунун 9-конгрессинде кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG