Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Кыргызстандагы кичи шаарлар өнүктүрүлөт


БИШКЕК. Кыргызстандагы кичи шаарларды өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан кийинки жылы бөлүнө турган 15 млн АКШ доллары шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү, суу түтүктөрүн, жылуулук системасын, жолдорду оңдоо жана башка иштерге керектелет. Бул маселелер 29-мартта Бишкекте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтө турган жыйында талкууланат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандагы Шаарлар ассоциациясынан маалымдашты. Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн акча каражаты Кыргызстандагы 22 шаарды өнүктүрүүгө жумшалат. Буга чейин, январь-февраль айларында Шаарлар ассоциациясынын кызматкерлери өлкөдөгү шаарлардын баарын кыдырып, алардагы абал боюнча Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө маалымат беришкен. Учурда Кыргызстандагы шаарлардын абалын жакшыртууга Азия өнүктүрүү банкы, Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы тарабынан да каржылык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG