Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 05:48
Бишкек. Мамлекет башчы Аскар Акаев жакынкы күндөрү «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам долбооруна кол койот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы аталган мыйзам долбооруна кол коюу менен бирге мамлекеттик жана расмий тилдерди колдонуу тууралуу жардыкка кол койот. Анда кыргыз өкмөтү мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөтүүгө шарт түзүп берүүгө милдеттендирилип, өлкөдөгү иш кагаздардын түп нускасын толук түрдө мамлекеттик тилге 2015-жылдын 1-январында өткөрүү белгиленди. Мамлекет башчынын жардыгына ылайык, кыргыз өкмөтүнө 2004-жылдын сентябрь айына чейин болочоктогу кайсыл мамлекеттик кызматкер канчалык деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү тууралуу атайын программа иштеп чыгуу тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG