Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

АПТА ИЧИНДЕ ЭСТЕ КАЛААРДЫК КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛДУ? Улуттук банктын ишмердүүлүгү. Убактылуу абактагы журналист Бахпурбектин билдирүүсү...


Өтүп жаткан апта ичинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө макулдук берүү маселеси чоң талаш жаратты. Мыйзам чыгаруу жыйыны үч айдан бери талкууланып жаткан «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды. Көз карандысыз жаңы гезиттин камакка алынган баш редактору Б. Аленов өзүнүн күнөөсүз экендигин жарыя кылды. Европа Биримдигинин комиссиясынын өкүлчүлүгү Бишкекте кеңсесин ача турган болду.

Өтүп жаткан апта ичинде эсте каларлык окуялар тизмеги Эл өкүлдөр жыйынынын 24-мартта башталган ХIХ сессиясында өзгөрүүгө дуушар болгон министрликтердин жаңы дайындалган жетекчилерине макулдук берүү мыйзамдуубу же жокпу деген талаш маселе менен башталды.

Бул маселени айрым депутаттардын макулдук берүүгө негиз жок деген талаптары жаратты. Талаш-тартыштуу деп саналган жагдайлар тууралуу депутат Болот Байкожоев төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Юридикалык баш-аламандыкты жеңип, маселени туура жолго коюшубуз керек. Себеп дегенде «Өкмөттүн түзүмү» жөнүндөгү мыйзамга көп министрликтер, анын ичинде премьер-министр жана вице-премьер министрлер жөнүндө берене кирбей калыптыр. Бул - президенттик администрация жана өкмөт тарабынан кетирилген чоң ката.

Палата маселени бир күн бою талкуулагандан кийин депутаттар тобу даярдаган «Өкмөт түзүмү» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам колдоого ээ болбой, депутаттар, тескерисинче, «Өкмөт түзүмү» жөнүндөгү мыйзам Конституцияга карама-каршы келбейт деген чечимге келди. Анын негизинде палата сунуш кылынган алты өкмөт мүчөсүн дайындоого сессия акырында макулдук берет.

Сессияда элдин бүйүрүн кызыткан экинчи маселе - Улуттук банк төрагасынын баяндамасы (отчету) жана банктын ишин текшерген депутаттык топтун банк ишмердигин сындаган билдирүүсү болду. Депутаттар Эл аралык валюта кору жана башка эл аралык каржы институттарынан алынган насыялардын (кредиттердин) баш-аламандык менен коротулуп, аягында аны короткондор эмес, өкмөт карыз болуп, төлөө жүгү жалпы элдин мойнуна жүктөлгөндүгүнө Улуттук банк түздөн-түз жол берип жатат деп сындашты.

Депутат Сооронбай Шарипов адегенде чуулгандуу «Крамдсбанкты» түзгөн, андан кийин «Рентонгрупптун» аманатчыларынын 300 миллион сомдон ашык акчасын алдаган Эдуард Пактын иш-аракеттерине Улуттук банк кантип уруксаат берген деген суроону катуу койду:

- Эдурад Пак «Крамдсбанк» менен «Рентонгрупптун» уюштуруучусу. Ал Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 2 миллион 700 миң доллар насыясын 1993-жылдан бери кайтарбай жүргөнүнө карабай, силер «Рентонгруппту» түзүүсүнө жол берип жатпайсыңарбы. Улуттук банктын ушундай көз жумуп койгону үчүн эл 350 миллион сом акчасын алдырып отурат,

Улуттук банк төрагасы буга окшогон талаштуу көп суроолорго жооп бергенден кийин банктын ишин канааттандырарлык эмес деп баалоо тууралуу комиссия сунуштаган токтом азырынча депутаттардын колдоосун тапкан жок. Маселени талкуулоо дүйшөмбүдө уланат.

Кыргызстандын келечегине жакшы таасир бере турган жаңылык – Европа Биримдигинин кызматташуу комиссиясынын өкүлчүлүгү Бишкекте ачылат деген кабар болду. Мындай маалымат Биримдик менен Кыргызстандын кызматташуу комитетинин жума күнү өткөн бешинчи отурумунда айтылды. Өкүлчүлүктүн ачылышынын мааниси жана анын Кыргызстанга тийгизе турган таасири тууралуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков:

- Бул биздин карым-катнашыбыздын жогорку деңгээлге чыгып жаткандыгынын далили. Андан тышкары бул Кыргызстанда ишке аша турган долбоорлор ушул жерде көзөмөлгө алынып, башкаруу иштери ушул жерде жүргүзүлөөрүн билдирет. Анан мурда иштер Брюссел же Алматыдагы кеңселер аркылуу жүргүзүлсө, азыр алар Бишкектен чечилет деп түшүнсөк болот. Мындай маселелерди бир гана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү эмес, Кыргызстанда иштетилип жаткан долбоорлордун өкүлдөрүнүн баары кайрылып чече алышат, демек, баарына жеңилдик болот, - деп баа берди.

Апта ичиндеги дагы бир урунттуу окуя - Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч айдан бери талкуулап жаткан «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алышы болду. Мыйзамдагы урунттуу учур - өкмөт мүчөлөрүн дайындоого Жогорку Кеңештин макулдук берүүсү жөнүндөгү маселе. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоого макулдук тизме менен берилет деп, өкмөт жана комитет макулдашкан жобо жактырылбай, талапкердин ар бирине өзүнчө макулдук берүү керек деген сунуш түштү. Добуш бере келгенде ал дагы өтпөй, акырында премьер-министрдин макулдугу менен президент дайындайт деп Конституциянын 46-беренесинде жазылгандай эле кабыл алынды.

Өтүп жаткан апта ичинде коомчулуктун жадысына түшкөн урунттуу окуя - «Энесай» эркин гезитинин мажбурлоо жолу менен акча алган деген кине менен убактылуу абакка салынган башкы редактору Бахпурбек Аленовдун өзүн «күнөөсүзмүн» деп билдиргени болду. Ал ушул айдын 18инде мыйзамчы депутат Тайырбек Сарпашевдин иши тууралуу жазылган макаланы жарыялабоо үчүн 800 америка долларын сураган деген кине менен кармалган.

Бахпурбек Аленов «Азаттык» радиосуна берген маалыматында:

- Тайырбек Сарпашев менен сүйлөшүлгөн иш. Ал гезитке кеткен каражатты жана өзү тууралуу мурда чыккан маалыматты жокко чыгарган материалды гезиттин биринчи бетине чыгаруу акысын төлөп берем деп убадасын берген. Ал акчаны Апасбек берет деп айткан. Апасбек байкеси ооруканада, кан тамырыма дары куйдуруп жатам деп чалып, акчаны иниси алып барып берээрин билдирген. Мен бул жерде Кудай алдында да, пенде алдында таптазамын, - деп, өзүнө коюлган күнөөнү четке какты.

Камакка алынган журналисттин укугун «Журналист» коомдук бирикмеси баштаган коомдук уюмдар коргоого алаарын жарыя кылышты.
XS
SM
MD
LG