Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

ГРУЗИЯ: ПАРЛАМЕНТТИК ОРУНДАРГА ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ БОЮНЧА ШАЙЛОО АЯКТАДЫ


Эшматов Улан, Прага Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүгө калктын 51%дан ашууну катышкан. Бул шайлоо өттү дегенди туюндурат. Анын алгачкы бейрасмий жыйынтыктарына караганда, добуш бергендердин 79%ы президент Михаил Саакашвилинин партиясын жактаган. Былтыр ноябрда болгон шайлоо жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу өткөн азыркы добуш берүү Грузиянын автономиясы - Ажариянын бийликтери менен расмий Тбилисинин тирешүүсү уланып жаткан учурга туш келди. Былтыр күздө болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктары Грузияда бийликтин алмашуусуна алып келген эле.

Бүгүнкү добуш берүүнүн аркасында Грузиянын 235 орундуу парламентинин партиялык тизме боюнча шайлануучу 150 депутатынын курамы аныкталат. Грузиянын Жогорку Соту былтыр ноябрда болгон шайлоонун ушул партиялык тизмеге байланышкан жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан. Ал эми бир мандаттуу округдардан ошондо шайланган парламенттин 85 депутаты өз орундарын сактап калмакчы.

Грузиянын мыйзамдарына ылайык парламентке кирүүчү партиялар жалпы шайлоочулардын кеминде 7%нын колдоосуна ээ болушу керек. Парламенттеги орундар үчүн азыркы шайлоодо 19 партия же коалиция ат салышты. Бирок эксперттер менен байкоочулар шайлоонун жыйынтыгы белгилүү экенин, азыркы президент Михаил Саакашвилинин жана ага ымалалаш партиялар парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн ээлерин айтып жатышкан. Айткандай эле добуш берүүнүн алгачкы бейрасмий жыйынтыктары же шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоолор президент Михаил Саакашвилинин Улуттук кыймыл партиясын шайлоого катышкандардын 79%ы колдогонун көргөздү.

Грузияда былтыр ноябрда орун алган "жибек революциясы" президент Михаил Саакашвили, өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Зураб Жвания менен парламент төрайымы Нино Буржанадзе лидерлик кылган партиялардын жектекчилиги астында ишке ашканы белгилүү. Андагы добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген миңдеген адамдар көчөгө чыгып, натыйжада мурдагы президент Эдуард Шеварднадзе кызматтан кетүүгө мажбур болгон эле.

Жараксыз деп табылган ал шайлоодо биринчи орунду мурдагы президент Шеварднадзеге ыктаган партиялардын " Жаңы Грузия үчүн" блогу, экинчи орунду Грузиянын автономиясы –Ажариянын лидери Аслан Абашидзенин Кайра жаралу партиясы, үчүнчүнү азыркы президент М. Саакашвилинин Улуттук кыймыл партиясы алды деп жарыяланган.

Байкоочулардын пикиринде, Эдуард Шеварднадзенин тушундагы шайлоодо партиясы экинчи орунду алган ажар лидери Аслан Абашидзе үчүн азыркы шайлоо саясий сынак болмокчу. Шайлоо алдында расмий Тбилиси менен ажар бийликтеринин мамилеси курчуду. Тараптар бири–бирин добуш берүүнүн жыйынтыктарын өз пайдасы үчүн бурмалоого ниеттенүүдө деп айыпташууда. Расмий Тбилиси азыркы шайлоону Ажариядагы бийликти алмаштыруунун бир жолу катары көрөт. Бул жердеги добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салуу үчүн жекшембиде Ажарияга грузин премьер- министри Зураб Жвания барды. Шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыктары дүйшөмбүнүн таңына карата маалым болмокчу.

XS
SM
MD
LG