Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

ООГАНСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО СЕНТЯБРДА ӨТМӨЙ БОЛДУ


Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзай июнь айына белгиленген президенттик шайлоо сентябрда өтөт деп жарыялады. Буга чейин БУУ өнөктүктү эл аралык макулдашууда каралган мөөнөттө өткөрүү мүмкүн эмес деп белгилеген эле. Эми президенттик жана парламенттик добуш берүү чогу уюштурулмакчы. Бирок ага дейре Ооганстанда бир топ маселелер чечилүүгө тийиш.

Эмки аптада Берлинде донор мамлекеттердин Ооганстандагы кайра куруу иштерине арналган конференциясы болот. Кабул өкмөтү, албетте, пост-талиптик реформалар кызуу жүрүп жатат деп көрсөтүүгө дилгир. Ошондой алга жылуунун негизгилеринин бири – президенттик шайлоого даярдыктар болуп эсептелет. Арийне, бул жаатта мактанаарлык прогресс бар деп айтууга кыйын.

Айдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен болгон сүйлөшүүлөрү маалында Карзай шайлоо, балким, августка жылдырылат деп билдирген эле. Эми ооган лидери бул мөөнөттү да кайра карап чыгып, добуш берүүнү сентябрда өткөрүүнү караштырып жатканын шаршембиде чет элдик дипломаттарга шардана кылды:

- Биз президенттик жана парламенттик шайлоону бир эле убакытта өктөрүүнү көздөп жатабыз. БУУ жана шайлоо комиссиясы “президенттик шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүнү кааласаңар биз ошондой кылабыз. Бирок аны парламенттик добуш берүү менен чогуу уюштурууну кааласаңар, техникалык себептерге байланыштуу, ал мүмкүн эмес” деп эскерткен. Ошондуктан биз экөөнү тең сентябрда өткөрүүнү чечтик.

Буга, бир чети, өткөн жекшембиде Гератта болгон кандуу салгылашуу, экинчи жагынан, БУУнун сунуштары да себеп болду өңдөнөт. БУУнун баш катчысы Коффи Аннан атайын отчетунда Ооганстанда коопсуздуктун жоктугу шайлоого, кайра куруу жараянына жана адам укуктарынын абалына чоң залака тийгизүүдө деген кооптонуусун билдирген.

Уюмдун Ооганстандагы басма сөз өкүлү Мануэл де Алмейда э Силва Аннандын баяндамасы жөнүндө “Азаттыктын” кабарчысына буларды айтып берди:

- Докладда мурдагы согушчандарды куралсыздандыруу, аларды демобилизациялоо жана коомго кайра кошуунун керектиги өзгөчө белгиленет. Гератта фракциялар ортосунда болгон кармаш коопсуздук маселеси чечиле электигин даана көрсөттү.

Баш катчы Аннан келээрки шайлоодо ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө жол берилбөөгө тийиш деп эсептээрин да баса белгиледи. Коопсуздукту күчөтүү болсо бир катар факторлорго, атап айтканда, НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн өлкөнүн Кабулдан тышкаркы аймактарына жайгашуусуна, Ооганстандын жаңы улуттук армиясын жана полициясын түзүү аракеттерине багыныңкы.

Шайлоого байланышкан дагы бир олуттуу маселе – элдин ага катышуусу. Добуш берүү мыйзамдуу жана демократиялуу болуш үчүн, биринчи кезекте, жетиштүү сандагы шайлоочу каттоодон өтүүгө тийиш. БУУнун өкүлдөрү 10 миллиондун тегерегиндеги шайлоочу катталат деп үмүмттөнгөн эле. Бирок соңку маалыматтар көрсөткөндөй бул күнгө карата 1 жарым миллионго жакын киши шайлоо чөлкөмдөрүнө келген. Алардын басымдуу бөлүгү Кабул, Герат, Жалал-Абад өңдүү чоң шаарлардын тургундары. Айрым аймактарда талиптер менен “ал-Кайиданын” согушчандарына каршы аскерий операция уланып жаткандыктан, ал жерлерде шайлоо чөлкөмдөрү негизделе да элек.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзаддын ырастоосунда, шайлоо жөнүндөгү мыйзам дагы бир топ пикир келишпестик менен проблемаларды жаратышы ыктымал.

Аталган мыйзам жакында өкмөт тарабына бекитилүүгө тийиш.

Ал эми кээ бир аналитиктер шайлоонун кечеңдетилиши менен Карзайдын легитимдүүлүгү жөнүндөгү маселе козголушу мүмкүн дешүүдө. Анын убактылуу президент катары мандаты ушул жылдын 19-июнунда аяктайт.

XS
SM
MD
LG