Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкекке Жамааттык кооопсуздук келишими уюмунун Коопсуздук кеңешинин баш катчысы келет


БИШКЕК. 29-мартта Бишкекке Жамааттык кооопсуздук келишими уюмунун коопсуздук Кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа иш сапары менен келет. Николай Бордюжа президент Аскар Акаев, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Коргоо министри Эсен Топоев жана башка жетекчилер менен жолугушат. Тараптар коопсуздукту камсыздоо, терроризм, экстремизм сыяктуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү багытында биргелешип иштөөнү жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Николай Бордюжанын Кыргызстанга болгон иш-сапары 31-мартта аяктайт.

XS
SM
MD
LG