Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

ГРУЗИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Бурулкан Сарыгулова, Прага шаары Жекшембиде Грузияда парламенттик шайлоо болоору күтүлүп жатат. Ал мурдагы шайлоодо жараксыз деп табылган орундарга партиялык тизме боюнча парламент мүчөлөрүн тандашы керек. Эксперттердин бир тобу шайлоонун тыянагы президент Саакашвилинин кызыкчылыгында болот дешсе, айрымдары президенттин шайлоо алдындагы тактикасын сынга алышууда.

Өткөн жылдын 2-ноябрында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы “жибек” ыңкылабынан кийин мыйзамсыз деп табылган. Натыйжада 235 депутаттын партиялык тизме менен өткөн 150 депутаты мандатынан ажырап калган. Эмки күтүлүп жаткан шайлоого 14 партия жана 5 блок катышканы турат. Алардын катарында президент Саакашвили жетектеген “Улуттук кыймыл - Демократтар” биримдиги да бар. Ошондуктан, байкоочулар бул шайлоодо күчтүү оппозиция болооруна анча ишенишкен жери жок. Тескерисинче, Саакашвили баштаган саясий биримдиктин жеңишке шексиз жетишээрин белгилешүүдө.

Грузиядагы жаш иликтөөчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Корнели Какачия буга чейинки сурамжылоолорго таянып, мындай дейт:

- Кандай тыянак чыгаарын алдын ала атуу кыйын. Бирок, кандай болгон учурда да бир маселе айкын: башкаруучу саясий топ аз дегенде 70 пайыз добуш топтойт. “Жибек” ыңкылабын эске алганда, калган саясий топтордун чамасы чак. Менимче, мурдагы режимдеги таасирдүү партиялар парламентке кириши мүмкүн, бирок алар таасирдүү күчкө ээ боло алышпайт.

Ошондой болсо да, Эмгек партиясы өңдүү бир катар оппозициялык партиялар Саакашвилинин январда топтогон добушун бөлүшүүгө кудуреттүү экендигин белгилегендер да бар. Бирок, парламентке кирүүгө жол ачкан 7 пайыздик чектен өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетеби-жокпу - бул дагы арсар.

Европа Кеңешинин парламенти бул чекти 4 же 5 пайызга түшүрүү сунушу менен Грузия бийлигине буга чейин кайрылган. Бирок, Саакашвили мажоритардык жол менен өткөн депутаттар арасында ансыз деле оппозиция өкүлдөрү көп экенин эске алуу менен, бул сунуштан баш тарткан. Ал түгүл Саакашвили шайлоо өнөктүгүнүн учурунда эл менен тынымсыз жолугушуп турду. Муну ал:

- Мен – Конституциянын кепилимин. Ошондуктан, эл менен сүйлөшүүгө мага эч ким чек койо албайт, - деп түшүндүрдү.

Президенттин мындай мамилеси оппозиция эле эмес, бейөкмөт уюмдарды да ойлонтуп койду. Маселен, Жаш адвокаттар ассоциациясынын башчысы Тинатин Худашели президент мыйзамды бузуп жатат дейт:

- Өткөн февралда Грузия Конституциясына мамлекет башчы тигил же бул саясий уюмга мүчө же жетекчи боло алаарын тастыктаган өзгөртүү киргизилген. Бирок, “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамда аткаруу бийлигинин өкүлдөрү шайлоо өнөктүктөрүнө катышууга акысы жок экендиги белгиленген.

Коомчулукта, ошондой эле, Саакашвили баштаган коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө да олуттуу катачылыктарга жол берилгендиги айтылууда. Байкоочулар Саакашвили кармалгандарга соттун чечимин күтпөй туруп, тикелей айып тагууга акысы жок болчу дешет. Ага кошумча айрым эксперттердин пикиринде, Ажария менен Грузиянын башкаруу бийлигинин ортосундагы акыркы кездеги чыңалуу да Саакашвилинин саясатына көлөкө түшүргөн көрүнүш болду.

Бул аралыкта Ажария лидери Аслан Абашидзе баштаган Демократиялык кайра жаралуу биримдигинин да жекшембидеги парламенттик шайлоого күчтүү дымак менен катышканы турат. Мындан тышкары парламенттик орун үчүн ат салышкан таасирдүү партиялардын катарында “Азаттык” партиясы да бар. Бул партиянын максаты - Грузияны Европа Биримдигине мүчөлүккө даярдоо. “Азаттык” партиясын Грузиянын мурдагы президенти Звиад Гамсахурдиянын уулу жетектейт.
XS
SM
MD
LG