Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

КЫЛМЫШ КОДЕКСИНДЕ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ КАРАЛГАН БИР КАТАР БЕРЕНЕЛЕР КЫСКАРТЫЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексиндеги өлүм жазасы каралган алты берененин ичинен төртөөнү кыскартуу каралган мыйзамга президент тарабынан кол коюлгандыгы коомчулукта карама-каршы көз караштарды жаратууда. Кээ бир саясатчылар буга карата сын көз караштарын билдирип жатышса, айрым укук коргоочулар муну Кыргызстандагы жаза өтөө системасын гумандаштыруу багытында жасалган кадамдардын бири катары баалашууда.

Парламент тарабынан кабыл алынып, жакында президент кол койгон «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, өлкөнүн кылмыш-жаза кодексиндеги 294-, 319-, 340- жана 373-беренелерде каралган өлүм жазасы алынып салынды. Маселен, буга чейин Кодекстин 373-беренесинде геноциддин ар кандай ыкмалары үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу каралса, эми бул беренеден өлүм жазасы алынып салынды. Калган үч беренеде да буга чейин мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу, сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырган адамдын өмүрүнө шек келтирүү, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу каралса, мындан ары мындай кылмыштарды жасаган адам өлүм жазасына тартылбайт.

Аталган мыйзам долбоору парламенттин көпчүлүк депутаттарынын макулдугу менен кабыл алынгандыгына карабастан, айрым депутаттар бул мыйзам аркылуу Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго карата сын-пикирлерди айтышууда.

Депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстан жаза өтөө системасын гумандаштыруу багытында батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасын гана эмес, өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн да эске алышы абзел деген пикирде:

- Биз формалдуу түрдө Кылмыш-жаза кодексиндеги өлүм жазасы каралган беренелерди кыскартканыбыз менен, иш жүзүндө биздин Кылмыш кодексибиз гумандашып кетпейт. Көпчүлүк өлкөлөрдө, ошол эле өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнө, сот кызматкерлерине карата жасалган кылмыш оордотулган жоопкерчилик менен каралат. Андай болбосо, ар дайым өч алуу максатында укук коргоо, сот жана башка тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы иш-чаралар көрүлүш мүмкүн. Ошол батыш өлкөлөрүн туурап, биз бүгүн Кылмыш Кодексин гумандаштырабыз, ашыкча гумандаштарабыз деп тескери жагынан баштап атабыз. Гумандаштыруу ишин биз жанагы 4 тоок уурдап, 6 жылга кесилген жигиттер тууралуу өкүмдү жеңилдетүү менен жүзөгө ашырышыбыз керек, түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуу керек, ал жерлердегилердин ден-соолугун карап, тамак-ашын карап, мына ушул жагынан иш башташыбыз керек. Жаза чараларын чектөө жолу менен маселени чече албайбыз .

Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров өлүм жазасын алып салууга Кыргызстан азырынча даяр эмес деген көз карашта:

- Бир шартта гана өлүм жазасы алынып салынышы керек. Өлүм жазасынын ордуна өмүр бою түрмөдө жатуу маселеси киргизилгенде гана. Өкмөт 2002-жылга чеийн өзгөчө режимдеги жаза өтөө жайын курушу керек эле. Бирок, эмдигиче курула элек. Ошондуктан, өлүм жазасын алып салып, өмүр бою түрмөдө кармоого Кыргызстан азыр даяр эмес .

Айрым саясатчылардын пикиринде, кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинде өлүм жазасы каралгандыгына байланыштуу гана Кыргызстанда соңку мезгилде алар боюнча кылмыш иштери козголгон эмес. Мындан ары бул беренелер боюнча козголгон кылмыш иштердин көбөйүшү толук ыктымал.

Ал эми өлкөдөгү укук коргоочулар менен айрым бейөкмөт уюмдар кылмыш-жаза кодексиндеги өлүм жазасы каралган беренелердин кыскартылышын өлкөдө өлүм жазасын толугу менен жойуу багытында жасалган алгачкы кадамдардын бири катары баалашууда.

Буга байланыштуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикирин уксак:

- Менин оюмча, мындай мыйзамдын кабыл алынышы абдан жакшы көрүнүш. Мына биз өлүм жазасын толук алынып салынышын көздөп атабыз. Кылмыш Кодексинен өлүм жазасы каралган 4 беренин алынып салынышы Кыргызстанда европадык стандартарга ылайык, өлүм жазасынын толук жойулушуна карата биринчи кадам деп эсептесек болот.

Учурда өлкөнүн кылмыш-жаза кодексиндеги киши өлтүрүү жана зордуктоо үчүн жаза каралган 97- жана 129-беренелерде өлүм жазасына тартуу жазасы сакталып калды.

Кыргызстан адамдын атуулдук жана саясий укуктары тууралуу эл аралык пактка кошулган. Анда алынган милдеттенмелерге ылайык, Кыргызстан өлүм жазасынан толугу менен баш тартышы керек. Бирок, бул маселе боюнча коомчулукта карама-каршы пикирлер арбын. Бирөөлөр өлүм жазасына бөгөт койгонго каршы болуп, кимдир бирөөлөрдүн өмүрүн мыкаачылык менен кыйган адамга мамлекет гумандуулук кылбашы керек дешсе, айрымдары, тескерисинче, өлкөдө өлүм жазасы колдонулбашы керек деген көз карашта.

Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга соңку 6 жылдан бери мораторий жарыяланып келет. Учурда өлкөдө өлүм жазасын алган 140ка жакын адам бар.

XS
SM
MD
LG