Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Баткен областынын аймагындагы токойду кырккан тажик атуулдар кармалды


БАТКЕН. Бул тууралуу 29-мартта укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев маалымдады. Анын айтымында, аталган бөлүм өткөн жумада Баткендин Аксы айыл өкмөтүнүн аймагына токой чарба башкармалыгы жана Баткендеги чегара бөлүгү менен биргеликте айлана-чөйрөнү коргоо максатында атайын рейд жасаган. Аны уюштурууга аталган айыл өкмөттүн аймагындагы өсүмдүктөрдү Тажикстадын коңшулаш айылдарынын тургундары отун үчүн кыйып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү калктан түшкөн кайрылуулар себеп болгон. Рейд учурунда Аксы айыл өкмөтүнүн Кары деген жеринен бадал өсүмдүктөрүн кыйып, мотоцикл жана эшектерге жүктөп жөнөгөн он беш чакты тажик атуулу кармалды. Алар Баткен чегара бөлүгүнө алып келинген соң, баарына мыйзам чегинде айыптоо салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш чаралар мындан ары ар апта сайын жүргүзүлүп турмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG