Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

ТАШКЕНДЕГИ ЖАРДЫРУУГА КАРАТА КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯСАТЧЫЛАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Азиза Турдуева, Бишкек Өзбекстандын ордо шаарында болгон бүгүнкү террордук жардырууга карата кыргызстандык саясатчылардын жана укук коргоочулардын пикирлери бири-бирине кайчы мүнөзү менен айырмаланууда.

Кыргызстандык саясатчылар менен укук коргоочулардын айрымдары Ташкендеги бул жардырууну Өзбекстандын президенти Ислам Каримов тарабынан жүргүзүлгөн авторитардык саясаттын, бул өлкөдө адам укуктарынын одоно тебеленип-тепселенишинин жыйынтыгы катары баалашууда. Кээ бир саясатчылардын көз карашында, бул террордук чабуулду өзбек президентинин жүргүзгөн саясаты менен байланыштыруу негизсиз, бул окуя - эл аралык террористтер тарабынан жасалган кезектеги террордук акт.

Кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, палатанын мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Исмаил Исаков белгилегендей, Ташкенде мындай террордук иш-чара күтүүсүз жерден орун алган жок, анын болушун бул өлкөдө жүргүзүлгөн катаал саясат шарттады:

- Менин пикиримде, Ташкенде террордук акттын болушун күтсө болот эле. Анткени, бул өлкөдө ошондой шарт түзүлүп калган. Адамдардын укуктары көп тебеленип, көп адамдар негизгиз соттолуп кетти. Кыргызстанда деле ушундай жагдай орун алууда. Ошондуктан, Кыргызстанда да мындай жардыруулар болушу мүмкүн, - дейт депутат И. Исаков.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Апсамат Масалиев Ислам Каримовдун жүргүзгөн саясатын кескин сынга албайт, бирок, террордук чабуул анын саясатына нааразы болгон ишкер же башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү тарабынан уюштурулушу мүмкүн деп эсептейт:

- Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өзүнүн эли үчүн катуу туруп, жеген ичкенге жол бербей иштеп атат. Анын «мен өзбек эли үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Элим үчүн катуу тартипти кармайм» деп айткан сөздөрү бар. Бирок, кээ бир көбүрөөк жейли, (кымтып) алалы деген ишкерлер нааразы болушса керек. Алардын арасында нааразычылык болсо керек. Эми террордук акттар дүйнөнүн көп мамлекеттеринде боло баштады. Демократия камсыз кылынса, ал жерде теракттар да болбойт.

Бир катар саясатчылар Ташкендеги террордук чара эл аралык террористтер тарабынан уюштурулду деген пикирлерин билдиришүүдө. Маселен, «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлү Карыпбек Алымкулов да ушундай пикирде:

- Бул жардыруунун орун алышы Каримовдун саясатынан улам, Каримовду кимдир-бирөөлөр сүйбөгөндүктөн эмес, бизнесмендерди кыскандыгынан эмес. Бул - эл аралык терроризмдин саясатынын уландысы деп эсептейм .

Карыпбек Алымкуловдун пикирине үндөш көз карашын парламенттин депутаты Бөрүбай Жураев да билдирди:

- Мындай террордук акттар ар кандай мамлекеттерде болуп жатат. Москвада, башка жерлерде да болуп жатат. Бул - эл аралык террористтердин жасаган иштеринен.

Өзбекстандагы бүгүнкү террордук чабуулдарга карата кыргызстандык укук коргочуулар да өз пикирлерин билдиришүүдө. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бул террордук кол салуу тууралуу мындайча билдирди:

- Менимче, Өзбекстандагы жардыруу - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгерде ушундай режим улана берсе, мындан да жаман болушу мүмкүн. Россияда да канчалаган шахидалар (шейит кетүүгө бел байлаган жанкечти айымдар) өзүн өзү жардырып жатат. Алар ошого атайын барайын деген жок. Алардын бул кадамы Россиянын Чеченстанга карата жүргүзгөн саясатына байланыштуу болуп жатат. Ошол сыяктуу эле, Ташкенде болгон жардыруу да Каримовдун туура эмес саясатынын негизинде болуп жатат. Ошол Өзбекстан Ислам Кыймылынын канчалаган мүчөлөрү куугунтукталып, чет жерлерде жүрүшөт. Анан ошолордун туугандары, аялдары, карындаштары, Каримовдун режимине каршылар ошого алып барат. Анткени, бул өлкөдөгү режим ошону шарттап жатат.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Уметалиева :

- Эми Ташкендеги жардыруунун себептери ар кандай деп ойлойм. Көбүнчө каражат бөлүштүрүү системасына байныштуу болот, Экинчиден, геосаясий факторго да байланыштуу болушу мүмкүн. Υчүнчүдөн, президент Ислам Каримовдун кызыкчылыгын колдогон адамдар тарабынан бул режимди күчөтүү максатында уюштурулушу да мүмкүн.
XS
SM
MD
LG