Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Өкмөт бейөкмөт уюмдар менен кызматташууну күчөтөт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик бийлик менен бейөкмөт уюмдар ортосундагы кызматташуу концепциясын кабыл алды. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Концепция мамлекеттик бийлик менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы кызматташууга негиз берүүчү укуктук базаны жакшыртуу жана тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү максатын көздөйт. Концепцияны кабыл алууга бейөкмөт уюмдар, анын ичинде укук коргоочу уюмдар менен мамлекеттик бийликтин кызматташуу механизминин так эместиги түрткү берди. Ушундан улам концепцияда чет өлкөлүк уюмдардын каражатынын эсебинен иш жүргүзгөн укук коргоочу бейөкмөт уюмдар өз милдетин аткарбай, «чөнтөк уюмга» айланып, расмий бийликтин дарегине негизсиз кинелерди көп айтаары белгиленген. Өкмөт ошондой эле 2006-жылга чейин бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгуу милдетин Юстиция министрлигине тапшырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG