Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Табигый кырсык болчу жерлерден адамдар көчүрүлүүдө


БИШКЕК. Өткөн ишемби, жекшемби күндөрү Жалалабад облусунун Алабука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн жана Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан 20га жакын үй-бүлөлөр башка жактарга көчүрүлдү. Ага аталган аймактарда жер көчкү болуу коркунучу негиз берди. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев өткөн аптанын аягында коркунучтуу жерлерден адамдарды көчүрүү тууралуу буйругун чыгарып, көчүүнү каалабаган үй-бүлө мүчөлөрүн мажбурлап көчүрүүгө аскер бөлүгүн милдеттендирген.

Жер которуп жаткан үй-бүлөлөр туугандарыныкына жана министрлик тарабынан берилген чатырларга жайгаштырылууда. Турак-жай салууга каражаты жокторго турак-жай департаменти кредит бермекчи. Ал эми көчүрүлгөндөрдүн көбү 1994-96-жылдарда коркунучтуу жерлерден кетип башка жерге үй салууга 24 миңден 100 миң сомго чейин кредит алышкан менен көчпөй коюшкан. Мындай маалымат бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG