Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Террорчу деп айыпталып жаткандардын соту уланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту антитеррорчул коалициянын "Ганси" базасын жардырууга даярданышкан деген шек менен кармалгандардын ишин кароону улантты. Бүл күнү сотто айыпталуучулардын талабы менен сотко чакыртылган эки күбөнүн бири көрсөтмө берди. Күбө Таалай Жаманкулов сотто Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери аларды Бакайата районундагы Покровка айылында кармап алып, «айыпталуучулар ислам уюмунун мүчөлөрү жана жардырууга даярданышкан деп көрсөтмө бересиңер» деп токмоктошкондугун билдирди. Мындай көрсөтмөдөн кийин сот төрагасы Канатбек Турганбеков Улуттук коопсуздук кызматынын күбөлөрдү урган тергөөчүсүн сотко көрсөтмө берүүгө чакыртты. Ал эми айыпталуучулар Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан таякталгандыгын биринчи жолу көргөн адвокат Элмира Карыбекова сотко келбей жатат. Сот ишин шейшембиде улантат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG