Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Ташкендеги жардырууларга кыргызстандыктардын пикирлери


БИШКЕК. Бүгүн эртең менен Ташкенде болгон жардыруу эларалык маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, жан кечти аялдын колунан келген. Жардыруудан милициянын төрт кызматкери дароо каза болуп, 20 чакты адам жаракат алганы айтылууда. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун жардырууну адам укугун кастарлабаган президент Ислам Каримов жүргүзгөн саясаттын натыйжасы деп баалады. Ал эми мыйзамчы депутат Бөрүбай Жураевдин пикири боюнча, бул эларалык террорчул уюмдар менен байланышкан топтордун колунан келди.

Бул окуяга байланыштуу Жалалабад областынын губернатору Жусупбек Шарипов тартип коргоо оаргандары менен бирге чукул жыйын өткөрүп, коопсуздук чараларын күчөтүү милдетин алдыга койду. Ага ылайык Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы стратегиялык маанилүү жайлар күн-түнү менен кайтарылып, айыл өкмөттөрү калк арасында террорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган болду.

XS
SM
MD
LG