Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

КЫРГЫЗ ЧИНОВНИКТЕРИ КЫЧЫРАГАН МАШИНЕДЕ ЖҮРҮШӨТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди мода кылып алышты. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай машиналар жөнүндө мамлекет башчы да ачуулуу сүйлөгөн эле. Азырынча ашыкча чыгымдардын жолун бөгөй турган айла табыла элек.

Кыргызстанда мамлекеттик чиновник болуунун бирден бир көрсөткүчү мамлекеттик номердеги кымбат баалуу машина минүү болуп калды. Байкоочулардын баамында мамлекеттик чиновниктин 2-3 миңдин тегерегиндеги маянасы азыр эч кимди деле кызыктырбайт. Бирок мамлекеттик кызматкер болуу менен өзүңө абдан ыңгайлуу, жайлуу шарт түзгөнгө мисалы, мамлекеттин эсебинен чет элдик машинелерди минип, чет мамлекеттерди кыдырып, жумшак эмеректерге отурганга шартың болот.

Албетте, мындай чыгымдарга калктын көзү да көнүп, мыйзам ченемдүү көрүнүш өңдүү кабыл алына баштады. Президент Аскар Акаевдин өкмөт жыйынында дал ушул чет өлкөлүк машинелер жөнүндө айтканынан кийин мамлекеттик чиновниктер дагы, башкалар дагы ойлонуп калгандай. Мисалы, "Вечерний Бишкек" гезити өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппаратта дагы ким кандай машине минээрин казып жарыялады.

Аскар Акаев өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлер ортосунда биринен бири өтүп кымбатыраак машина минүү боюнча мелдеш болуп атканын айткан. Мамлекет башчынын намысына чет мамлекеттеги бир кеңешчиси тийиптир. Ал Аскар Акаевге мамлекеттик чиновниктер президенттикинен кем эмес кымбат машиналарды минип жүрсө элдин турмушу кайдан оңолсун дегендей какшык ыргыткан.

- Мен сизден абдан суранам, Николай Тимофеевич. Министирликтердин жана мекемелердин чыгымдарын тыкыр иликтеп чыгыңыз. Мен жакында Швейцариядагы кеңешчим доктор Кейсер менен жолуктум. Ал мага «караңызчы, чиновниктериңиздин баары президент минчү кымбат машиналарда жүрүшсө кантип анан гүлдөйт элеңер. Бай өлкөлөрдү караңыз, ал жакта тескерисинче жөнөкөй эле машиналарды минишет» деди. Бизде болсо мамлекеттик кызматкерлер арасында өзүнчө эле мелдеш жүрүп жаткандай. Болду, мен бүт ашыкча чыгымдарга мораторий жарыялайм,- деген оюн мамлекет башчы кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнө айткан эле.

Чынында эле мамлекеттик гаражга баш баксаң совет убагында өтө кадырлуу "Волгалар" өтө жупуну көрүнөт көзүңө. Себеби өңдөрү кулпуруп, биринен бири өткөн, укмуштай жалтылдаган чет элдик машиналар тим эле көз жоосун алып тизилип турат. Эми бир аз машиналарга саякат жасап көрөлү.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев кычыраган "Тойота-Лендкруизерди" минип жүрөт. Соцфондду жетектеген Акматбек Келдибеков көз жоосун алган аппапак "Тойота-Прадо" жип машина минет. Роза Акназарова айымдыкы да так эле ушундай "Жип". Өлкөнүн башкы милиционери Бакирдин Субанбеков бир эмес, эки тулпарга ээ. "Ниссан-Террана" ак "жип" менен "Мерседес-220" министр мырзага кызмат кылууда. Ал эми губернаторлордон бирден эмес, экиден кызматтык машина мингендери да бар. Накен Каисев 00-01 деген окшош номердеги "Мерседес" менен "жипти" алмак-салмак минет. Аскарбек Шадиев да андан кем бекен. Мамат Айбалаевден калган "жипти" да таарынтпайт, бирок өзү келгенден кийин алынган "Ниссан-Максиманы" көбүрөк жакшы көрсө керек. Мамлекетиик жогорку кызматтагылардын ар бирининкин ушинтип санап отурганга убакыт тар.

Ал эми мамлекеттик ишканаларга келели. «Электр станциялар» акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Айдар Калиевдин "Лексус RX 300" машинасын көрүп, көзү күйгөндөр көп. Чынында мындай кымбат машинелер мамлекеттик ишкана жетекчилеринде да жок эмес. Алардын мындай ашыкча чыгымга барышына кыргыз өкмөтү тынчсыздана баштагандай түрү бар. Мамлекеттик менчикти башкаруу комитети Орусияныныкындай бюджеттик пландоо системасын киргизүүнү көздөп калды.

Мамлекеттик менчикти башкаруу комитетин жетектеген Равшан Жээнбековдун айтымында мамлекеттин колундагы ишканалар кирешеси жок иштеп, бирок өздөрүнө мыкты шарт түзгөнгө маш болуп алышты. Алар дивиденд бербей же салыкты толук төлөй албай атып, өздөрүнө кымбат машина алып, жөнөкөй бөлүм башчыларына дейре машина беришүүдө. Эми мындан ары өкмөт бекитип берген гана бюджет менен иштегидей болушат.

Өкмөттүн бул демилгесин бир топ байкоочулар колдоп жатышат. Акциялардын көзөмөлдөөчү укугу мамлекеттин колунда болгон ишканаларда бул нерсени киргизиш оңой эле болот. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөттүн бул демилгесин колдойт. Ал кымбат машиналарды кубалап миниш мамлекеттик чиновниктер арасында ооруга айланып баратканын айтат. Анын айтымында айрыкча өкмөт мүчөлөр бир эмес, 2-3 кызматтык машина минип, үйбүлөлүк деп өзүнчө машина карамаганга өтүштү. «Ошол машиналардын жүрүп турганына кеткен чыгым ошол чиновниктин кол алдындагы кызматкерлердин маянасынан да ашып түшүүдө» дейт депутат Жапаров.

Депутат белгилегендей кыргыз өкмөтү мамлекеттик казынадан атайын каражат деген беренени көзөмөлгө албаса болбойт. Бул беренедеги салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынган 2 миллиард 200 миллион сом чиновниктердин шаан-шөкөтү, жумшак эмереги жана кымбат машиналары үчүн өзүнчө бөлүнгөн каражат бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG