Шайлоонун толук эмес жыйынтыктарына караганда, "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы 81 шаардын 57синде, анын ичинде Анкара менен Стамбулда да жеңишке жетишкен. Бул жолку шайлоо ошондой эле премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын партиясын колдогондордун саны көбөйгөнүн да көргөздү. Эгер 2002-жылкы шайлоодо "Адилеттүлүк жана өнүгүү " партиясын шайлоочулардын 34%ы жактаса, азыр бул көрсөткүч 43%га чыккан.