Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Ирактын бийликтерине каршы жаңы кол салуулар жасалышы мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Ирактын юстиция министри Хашем ал–Шибли билдирди. Кечээ Ирактын коомдук иштер боюнча министри, улуту күрт Нисрин Бервариге кол салынды. Бервари айым өзү жабыр тартпаганы менен анын айдоочусу жана эки жансакчысы каза тапкан эле. Ал эми Мосул шаарында кечээ орун алган атышууларда америкалык аскерий өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, төрт адам мерт болду. Алар өкмөт адамдарына, коалициялык аскерлерге каршы жасалган кол салууларга катышы бар деп шектелгендерден эле. Атышуулардан эки америкалык аскер да жаракат алган. Кечээ Мосул шаарынан эки чет элдикти: бир канадалык, бир британиялык кызматкерди да атып кетишти.

XS
SM
MD
LG