Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Грузияда президенттин партиясы толук жеңишке жетти


Грузиядагы шайлоонун баштапкы расмий жыйынтыктары президенттин партиясы толук жеңишке жеткенин көргөзүүдө. Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке президент Михаил Саакашвилинин "Улуттук кыймыл партиясы" гана кириши мүмкүн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зураб Чиаберашвили бүгүн Тбилисидеги басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, бюллетендердин бештен бир бөлүгү саналгандан кийинки маалыматтар президент М.Саакашвилинин "Улуттук кыймылы" добуштардын 75%ына ээ болгонун көргөзүүдө. Калган 15 партия менен коалициянын бири да парламентке кирүү үчүн талап кылынган 7%дык чекти багындырган эмес. Мурадараак оппозициячыл партиялардын ичинен "Жаңы оңчулдар-өнөр жайчылар" деген блок да парламентке кирип калышы мүмкүн экени айтылып жаткан. Грузин президенти бул жолку шайлоону адилет жана ачык өттү деп баалады:

-Тилекке каршы, оппозициянын көрсөткүчү өтө начар болду. Бирок бул адилет шайлоо деген эмне экени. Биз шайлоонун жыйынтыктарын өз пайдабыз, албетте, оппозициянын пайдасы үчүн да жасай албайбыз.

Президент Михаил Саакашвили оппозициячыл партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмалангандыктан, кайра саналыш керек деген айыптоолорун да четке какты.

XS
SM
MD
LG