Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Өзбекстандагы жардыруулар менен кол салуулардан кеминде 19 адам өлүп, 26 киши жаракат алды


Бул тууралуу Ташкендеги басма сөз жыйынында өлкөнүн Башкы прокурору Рашид Кадыров билдирди. Анын айтымында, курман болгондордун алтоосу милиция кызматкерлери. Жардыруулардын экөөсү Ташкенде, бирөөсү Бухарада болгон. Өзбекстан Башкы прокурорунун айтымында, Ташкендин эң ири "Чорсу" базарында эки жанкечтинин жардыруусунан үч милиция кызматкери, бир жаш бала каза тапты. Муну менен Өзбекстанда жанкечтилердин чабуулу алгачкы ирээт катталып олтурат.

Ал эми Бухарада өткөн түнү бомба жасоо үчүн пайдаланылган үй жарылып, андан он адам каза тапкан. Ошондой эле өткөн түнү үч милиция кызматкери да киши колдуу болду. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги бүгүнкү окуяларды күн мурунтан даярдалган терракт катары баалады.

XS
SM
MD
LG