Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

115 ЖАШКА КЕЛГЕН АЛТЫНАЙ АПА ӨЗҮН АЛИ КҮҮЛҮҮ-КҮЧТҮҮ СЕЗЕТ


Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Эми Өзбекстандагы жашы кылым карыткан эненин тагдыры тууралуу баянга назар салыңыздар. Жашоо-шартка жараша “жарымым казак, жарымым өзбек” болду, тагдырыма тобоо келтирем деп карылык нарк-насилинен жанбаган Алтынай Сейдисазымова апа 115 жашка чыкса да, өзүн али күүлүү-күчтүү сезет.

1889-жылы Казакстандын түштүгүндөгү Кызылкум ооданында жарык дүйнөгө келген Алтынай Сейдисазымова 25 жашынан бери Өзбекстанда жашайт.

Бир кылымдан ашуун өмүр кечирген Алтынай апанын эки уулунан, эки кызынан тараган урпактарынын саны үч жүздөн ашат. Тактап айтканда, 39 небереси, 144 чөбөрөсү жана 115 мөбөрөсү бар. Улуу уулу 90го, ал эми кичүү уулу 80ге чыкты.

Алтынай апанын эскерүүсүнө караганда, ал 25 жашында күйөөсүнөн ажырап, жесир калган. Жашоо-шарттын айынан төрт баласы менен Өзбекстанга жер которууга аргасыз болгон.

“Улуу Ата Мекендик согуш учурунда эр бүлөнүн ордуна чарбанын бардык түйшүгүн көтөрдүк. Көп кыйынчылыктарды башымдан кечирдим. Эми болсо бактылуу карылыктын төрүндө олтурам”, - дейт Алтынай апа.

Дөөлөт-сөөлөт күткөн нарк-насилдүү карынын өмүр таржымалына сереп салган журналисттердин жазгандарына караганда, Алтынай апа өзүн али күүлүү-күчтүү сезет. Олтурган-турганы тың, сүйлөгөн сөздөрү орундуу, акылы тунук:

“Келиндерим бүкүрөйүп калды, кыздарым болсо менден кары көрүнөт. Бүлөдөгү бийлик дале колумда. 80ге чыккан келиним ушул күнгө чейин мага жүгүнөт. Келиндерим ыймандуу болгондуктан, балдарым да менин үстүмө үйрүлүп-түшүп, көзүмдүн агы менен тең айланып турат” .

80ге чыккан кичүү уулу Аппай Эргеш уулунун айтымында, ал Казакстандан ар жума сайын энесине учурашканы келип турат. Келбей калса апасынын жол караарын билет.

“Кичкинтайыма, көкүрөк күчүгүмө” деп мен үчүн сактап койгондорун дайыма алдыма койот” , - дейт Аппай аксакал.

Ал эми эненин улуу уулу Адем 90го чыкса да, автоунаа айдаганын койо элек. Уулун дале жаш сезген Алтынай апа анын алды-артына үйрүлүп түшүп турат.

“Апам менин оозу-мурдума тамак тыгып, “сенин ден соолугуң, амандыгың мага керек”, - дейт. Мен өз балдарымдын амандыгын ойлойм. Дүйнөдө эненин мээриминен өткөн эч нерсе жок. Небере-чөбөрө күтүп, эңкейген кары болсом да, энемдин кашында эркелеп турган тагдырыма ыраазымын” , - дейт Адем аксакал.

Алтынай апанын дагы бир касиети - ал ушул жашында да колунан ийне, оймок түшпөй, жер төшөк курап, бала күнүнөн аздектеген уздук өнөрүн улантып келет. Анын айтымында, өзүнө караганда келиндери, кыздары көз айнексиз жип саптай алышпайт. Алтынай апа болсо көз айнек дегенди билбейт, атын уккусу да келбейт.

Алтынай апа өнөрдү бийик тутат. “Өнөрлүү өлбөйт” деп көп кайталайт. Кези келген жерде өзү да казактын элдик ырларын созуп, жаштык күндүн күүсүн бир кайрып алат.

Алтынай апа өзүн ээрчий карып келе жаткан кыздарын, келиндерин жана небере-чөбөрөлөрүн үстүбүздөгү айдын башында 8-март - аялдардын эл аралык майрамы менен мындай деп куттуктап айтканы бар:

“Кыздарым, келиндерим жыл сайын 8-мартты майрамдашсын. Мага окшоп жашы жүзгө жетсин. Эч нерседен кем болбосун!”

80ге чыккан келини Гүлнар апа чоң эненин бул батасына жетине албай, «Азаттыктын» кабарчысына мындай деген тилегин айтты:

“Өмүрдүн баркын, жашоонун наркын сезген, дөөлөт-сөөлөт күткөн мартабалуу кайненемдин ак батасы жалпы баарыбызга тийсин!”
XS
SM
MD
LG