Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Өзбекстандын президенти соңку жардыруулар үчүн чет элдик эсктремисттерди күнөөлөдү


Сыналгы аркылуу жалпы элге кайрылуусунда Ислам Каримов бир нече киши кармалганын билдирди. Ташкендеги жана Бухарадагы чабуулдарда 19 киши ажал тапты. 26 киши жарадар болду. Кошмо Штаттары Өзбекстандагы жан кечтилердин чабуулдарын айыптады. Буштун администрациясынын маалымат катчысы Ричард Баучер өзбек өкмөтү Вашингтондон жардырууларды иликтөөгө жардам сурабаганын билдирди.

Мунун алдында Өзбекстандын баш прокурору Рашид Кадыров бомбаларды исламчыл экстремисттер жардырды деп ырастады. Ал тыйуу салынган Хизб ут-Тахрир тобун жана Исламдын вахаби багытын жолдогондорду атады:

- Бизде Өзбекстандын Исламдык кыймылынын "Хизб ут-Тахрир" жана ваххабилер менен байланышы бар экендигин далилдеген жетиштүү маалымат бар.

Прокурордун айтымында, жекшембинин түнүндө Бухара вилаятында экстремисттер пайдаланган үйдөгү жардыруудан 10 киши ажал тапты. Жекшембинин түнүндө жана дүйшөмбүнүн таңында полицияга эки жолку кол салууда үч полициячы курман болду. Ал эми Ташкендин базарына жакын жерде эки жанкечти жардырган бомбадан үч полициячы жана бир жаш бала өлүм тапты. Мындан беш жыл мурда Ташкендеги жардыруулардан 16 киши набыт болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG