Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

БҮГҮН ӨКМӨТТҮН АЙРЫМ МҮЧӨЛӨРҮ ЖАШЫРУУН ЖОЛ МЕНЕН ШАЙЛАНАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Эл өкүлдөр жыйынынын дүйшөмбү күнкү отурумунда мамлекет башчы тарабынан буга чейин жаңы кызматка сунушталган өкмөт мүчөлөрүнүн талапкердиги талкууланды. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары жашыруун добуш берүү менен өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн кызматка дайындалышына макулдук беришет.

Эл өкүлдөр жыйынын кечээги отурумунда Дамир Өскөнбаевди эсептөө палатасынын төрагасына, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Кубанычбек Жумалиевди, Уларбек Матеевди вице-премьер-министр, Амангелди Муралиевди экономика, өнөр жай жана соода министрлигине жана Равшан Жээнбековду мамлекеттик мүлктү башкаруу комитет төрагасына дайындоо сунушталды.

Кызуу талкуудан соң депутаттар сунуш кылынган талапкерлерге макулдук берүү чечимине келишти. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар айрым талапкерлерди жаңы кызматка дайындоого каршы болушту. Депутат Муратбек Мукашев Кубанычбек Жумалиевдин бир эле мезгилде Транспорт, байланыш министри жана биринчи-вице-премьер-минстрлик кызматка дайындалышы мыйзамсыз экендигин айтты:

- Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Дил мага бир адамдын жогорудагыдай эки кызматка дайындалышы Конституцияга каршы келээри тууралуу чечимин берди. Ошондуктан урматтуу кесиптештер, келгиле бул маселени жакшылап талкуулайлы.

Талкуунун соңунда депутаттар жаңы кызматка сунушталган өкмөт мүчөлөрүн жашыруун жол менен, бюллетендин жардамы менен шайлоо чечимине келишти.

XS
SM
MD
LG