Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

ООГАНДЫКТАР КУРАЛДАРЫН ТАШТАГЫСЫ КЕЛБЕЙ ЖАТЫШАТ


Кубат Оторбаев, Прага Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жакында Ооганстан боюнча отчетун жарыялады. Анда бул өлкөнүн коомдук тартибин чыңдап, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу реформасы кечеңдеп жатканы айтылат. Дале болсо Ооган элинин колунда көп курал бар. Ал аз келгенсип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө гана баш ийген лашкерлер да арбын жана алардын милдет-жоопкерчиликтери так аныкталган эмес.

Баш катчы Кофи Аннан өз отчетунда Ооганстандагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө гана баш ийген лашкерлердин дале болсо күчтөн тайбай жатышы өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштырып жатканын белгилейт.

Жакында Герат провинциясынын губернатору Исмаил Ханга баш ийген лашкерлер менен борбордук бийликтин курамындагы коргоо министрлигине кызмат кылган күчтөрдүн ортосунда ири кагылышуу болуп, адамдар набыт болгон. Талдоочулар ок атышуу Гераттагы бийлик талашташ улам чыкканын белгилешкен.

Узак жылдар бою согушту баштан кечирген Ооган элинин колунда азыр оголе көп курал бар. Өлкөнү бейкут турмуштун нугуна буруу максатында Бириккен улуттар уюму “ДДР” деген аттагы программа иштеп чыккан. Анын максаты – куралчан топторду, анын ичинде лашкерлерди да каруу-жарактарынан баш тартууга чакырып, жай турмушка үндөө. Ок тиштеп, от кечип көнүп калган адамдардын көбү дале болсо мылтыгын жанындай көрүп, андан баш тартууну каалашпай жатышат.

Гераттагы кандуу кагылышуу дале болсо Ооганстанда мыйзамдардын эмес, каруу-жарактардын заманы жүрүп жатканын көрсөттү. Мындай жагдайга Бириккен улуттар уюмунун жана Кошмо Штаттардын өкүлдөрү тынчсызданып жатканын айтышат. Баш катчы Кофи Аннан өз отчетунда лашкерлер Ооганстандын жалпы кызыкчылыгына караганда жергиликтүү мыктычыкмалардын жеке мүдөөсү үчүн гана алардын камчысын чапкан курал болуп жатат деп белгилеген.

Ошондон улам Улуттар уюмунун баш катчысы Ооганстандын бирдиктүү армиясын жана Ооганстандын бирдиктүү полициясын эртелеп каруу-күчкө киргизүүнүн зарылдыгын айтат.

Кофи Аннан ошондой эле лашкерлер жана башка куралчан топтор өз ыктыярлары менен каруу-жарактарынан баш тарта турган мөөнөт создугуп кеткендигин белгилейт. Улуттар уюмунун куралсыздандыруу программасы өткөн жылдын октябрында Кундуз, Гардез, Мазари-Шариф жана Кабулда башталган. Бирок андан бери кыйла убакыт өтүп кеткенине карабай болжолдонгон 40 миң адамдын алты миңи гана курал-жарагын өткөрүп берип, үйүнө кайткан.

Кризистерди алдын алуу боюнча эларалык топтун Ооганстан боюнча эксперти Вайкрам Пейрх лашкерлер кол алдында түздөн-түз кызмат кылып жаткандарды куралсыздандырбай, анда-санда гана курал кармагандарды аскерден бошотту кылып, чыныгы абалды жаап-жашырып жатышат дейт.

- Ооганстандын лашкеринин структурасы тууралуу маалымат жетишпей жатат. Формалдуу структурага эмес, турмуштагы чындыкка карап иш кылуу керек. Бул жогортон төмөнгө карай - тээ айылдарга чейинки аскер башчылардын кайсылары элди куралсыздандырууда жакшы көмөк көрсөтөөрүн аныктоого жардам берет. Дал ошол бейрасмий команданы БУУнун “ДДР” программасын турмушка ашырууга тартуу керек, - дейт Кризистерди алдын алуу боюнча эларалык топтун Ооганстан боюнча эксперти Вайкрам Пейрх.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өз отчетунда Ооганстандын түндүк аймагына таасири чоң улуту өзбек Абдул Рашид Дустум кол алдындагыларды куралсыздандырууну жасалма түрдө кечеңдетип жатканын белгилеген.
XS
SM
MD
LG