Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

КОШ ТИЛ САЯСАТЫ, ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАР, ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛОО БОЖОМОЛУ


Мамлекеттик тил мыйзамына кол койордон мурун президент А.Акаев кош тил саясатын колдоорун ачыкка чыгарды. Орус-кыргыз тилдерин эриш-аркак өнүктүрүү, анын бирин экинчисинен бийик же пас койбоо, мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин үйрөнүүсүн 2015-жылга чейин узартуу демилгесин айтты. Кыргыз басылмаларында Ташкен менен Бухарадагы жардыруулардан улам Кыргызстан коопсуздук чараларын күчөткөнү жазылууда.

Мамлекеттик тил мыйзамы парламентте кабылдангандан кийин элдин баары президент А.Акаев эмне айтаарын күтүп калды эле, деп деп маалымдайт шейшемби күнкү “Слово Кыргызстана” гезити. Басылманын ырасташынча, мамлекеттик тил мыйзамына кол койордон мурун президент А.Акаев улуттук маданий борбор жетекчилери менен масилеттешти.

Президенттин айтымында, “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” стратегиясынын ишке ашырылышында орус тили опол тоодой дем-күч берди. Ошондон бүгүн мамлекеттик тил мыйзамына кол коюлса, эртең орус тилдүү мамлекеттик кызматчылар ишинен алынат деш туура эмес. Тил үйрөнүү көп убакты-саатты талап кылчу жумуш. А.Акаев кыргыз-орус тилдери бири экинчисин басынтпай, эриш-аркак өнүгүшү керек деп эсептейт. Мамлекеттик тил мыйзамында эне тилин баласына үйрөтүү ата-эненин милдети катары белгиленген.

Мамлекеттик тил мыйзамы эксперттик талдоодон өткөрүлгөндүгүн, президент мыйзамды өзү билгендей оңдобогондугун, ушу тапта кыргыз-орус тилдерин эриш-аркак өнүктүрүү тууралуу атайын жарлык даярдалып жатканын шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити жазды. Ушул эле теманы “Эркинтоо”, “Вечерний Бишкек” гезиттери да козгошту.

Шейшембидеги “Аалам” гезитинде “Ордолуу Ош солк этти” деген Чолпонбек Абыкеевдин макаласы жарыяланды. “85% элдин укугу 15% үчүн дагы он жылга тебелендиде калабы? Өткөн 14 жылдын ичинде он ооз кыргыз тилин үйрөнбөгөндөр эми он жылда үйрөнө койобу? Үйрөнбөйт. Кыргыз элинин деги бир нерсеге укугу барбы? Балким, кыргыз эли Кыргыз мамлекети деген атты алып жүрүүгө деле татыктуу эместирбиз. Кыргыз Республикасы дегенди Жалпы үй республикасы дегенге алмаштырбайлыбы? Деген өңдүү ачуу суроолор менен мени жарга такады. Ким жооп бериши керек?..” деп жазат макала автору.

Гезиттин маалымдашына караганда, 16 миңге жакын Кыргыз тили кыймылынын мүчөлөрүнүн атынан президент А.Акаевге кайрылуу даярдалып жатат.

Президент А.Акаев "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамды кайтарып берген күндө деле парламент көптүккө салып кайра өткөрүп ийерин, ошондон жаңы мыйзамдын тегерегинде болчу аркыл миш-миштерди токтотуу амалында жаңы жарлыкка кол койорун жарыя кылганын шейшембидеги “Республика” гезити жазды. Журналист В.Асеевдин ырасташынча, жарлык жакшы ниеттен чыккан ишара гана. Жаңы мыйзамды ишке ашыруунун каржылык негизи тууралуу кеп болгон жок. Тил саясаты бизде кайсы бир саясий окуя болоордо гана кызуу талкууга алынып калат, деп маалымдайт гезит автору.

Айрым маалымдоо каражаттары эмитен эле келерки шайлоодо суурулуп чыкчу талапкерлерди бутага алып, жаманатты кылуунун аракетине өткөнүн шейшембидеги “МСН” гезити жазды. Журналист Рина Приживойттун ырасташынча, ушу тапта парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын баш көтөргөн депутаттарын жаманатты кылуу, Кыргызстандын биринчи айымын көкөлөтө мактоо тенденциясы күчөөдө. Шайлоого Кыргызстандын түштүгүнөн эркек, түндүгүнөн аял чыгаарын, кыздын кырк чачы улуулугун сыйлап, жигит киши аялды алдыга өткөрүүсү парз экени жазылды. Президенттик талашта ак жоолукту алдыга өткөрмөй салты жок , деп жазат Рина Приживойт.

Ташкен менен Бухарадагы жардырууларды Өзбекстан ислам кыймылы уюштурушу мүмкүн экендигин “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. Гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстандын коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов элди этият болууга чакырган. Өзбекстандагы жардыруулар эларалык террорчу уюмдар куралын таштай электигин көрсөтөт. Мындай шартта, өзгөчө киши көп чогулган жерде этият болуу керек, дейт УКК жетекчиси.
XS
SM
MD
LG