Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

КМШнын саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери чогулушат


БИШКЕК. 1-2-апрель күндөрү Чолпоната шаарында КМШдагы мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча кеңешинин 16-жыйыны болот. Ага Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев, КМШдагы мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери катышып, радиациялык коопсуздук боюнча кызматташуу, тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча Европа стратегиясын биргелешип ишке ашыруу, химиялык заттар менен алардан чыккан таштандыларды пайдаланууга байкоо жүргүзүү маселелерин талкуулашат. Акырында айлана-чөйрөнүн гигиенасы боюнча декларация кабыл алышып, аны биргелешип ишке ашыруу программасын карашат. Мындай маалымат бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG