Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Нарын шаарынын тургундары таштандыга каршы


НАРЫН. Нарын шаарындагы Кулумбаев атындагы көчөнүн тургундары шаар башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Шаар жашоочуларын жыйынга чогулткан көйгөй таштанды болду. Таштандылар Кулумбаев атындагы көчөгө төгүлө берип, жолду тороп калган. Кеңсеси аталган көчөдө жайгашкан америкалык фирманын башчысы Энди Зейнер "Шаар бийлиги ошол таштанды төгүлгөн жерге жок дегенде челектерди орнотуп берсе болмок",-дейт. Анын айтуусу боюнча, шаар бийлиги таштанды төгүлгөн жерге челек орнотулсун деген чечим чыгарып берсе, өздөрү челек орнотууга жана алардын тазалыгын текшерип турууга даяр. Таштандыларды тазалоочу "Тазалык" ишканасы болсо күйүүчү майдын жоктугун айтышууда.

XS
SM
MD
LG