Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Дүйнөлүк банк уран калдыктарын зыянсыздандырууга жардам берет


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк Майлысуу шаарынын айланасына көмүлгөн уулуу зат калдыктарын зыянсыздандыруу үчүн буга чейин убада кылган 5 миллион долларга кошумча дагы 2 миллион доллар каражат бөлөт. Мындай чечим Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын учурда Бишкекте жүргөн өкүлү Йооп Стаутиесдейк Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Эмил Акматов кабарлады. Анын айтымында, Дүйнөлүк банктын өкүлү ошондой эле жакында Япония өкмөтү Майлысуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу максатында Кыргызстанга гранттык негизде 1 миллион 800 миң доллар бөлүү чечими кабыл алынгандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG