Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

НАТО ОРУСИЯ МЕНЕН ЧЕКТЕШ БОЛУП КАЛДЫ


Сапар Орозбаков, Прага шаары Дүйшөмбүдөн тартып НАТО 26 өлкөнүн аскердик ынтымагы болуп калды. НАТО мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген же аны менен ымалалаш болгон 7 өлкөнү – Эстонияны, Латвияны, Литваны, Болгарияны, Румынияны, Словакияны жана Словенияны өз катарына кошуп алды. Буга байланыштуу дүйшөмбү күнү Ак үйдө өткөрүлгөн салтанат жыйында АКШ президенти Буш жаңы мүчөлөрдү куттуктап, аталган өлкөлөрдүн НАТОго кириши менен бул түндүк атлантикалык согуштук блок күчтүү биримдикке айланаарын белгиледи.

Президент Буш өзүнүн Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун түзүлүшүнө түздөн түз себеп болгон “кансыз согушту” мындайча эске салды:

- Бул жети өлкөнүн эли империянын туткунунда калган болчу. Алар катаал залимдикти өз баштарынан кечиришти. Алар өздөрүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүп келишти. Алар эркиндикти кайраттуулук жана көшөргөндук менен жеңип алышты. Бүгүн алар биз менен бирге бул улуу биримдиктин толук кандуу мүчөсү ана биздин өнөктөш болуп эсептелишет.

НАТО Советтер союзуна каршы туруш үчүн 1949-жылы түзүлгөн болчу. Ага адегенде 12 мамлекет кирип, кийин Грекия, Испания жана Түркия кошулган. Советтер Союзу кыйрагандан кийин ал Варшава келишимине кирген Чехия, Венгрия жана Польша менен толукталган. Эми бул жети мамлекеттин кириши менен НАТОнун мүчөлөрүнүн саны 26 жетти.

Ага жакында Албания, Хорватия жана Македония да киришээри айтылууда. АКШ президенти Жорж Буш өзүнүн сөзүндө бүткүл Европа тынчтык жана эркиндик үчүн бирикмейинче, НАТОнун эшиги ачык бойдон калаарын белгиледи. Ал бул жаңы кабыл алынып жаткан жети өлкө НАТОну күчтүү биримдикке айлантаарын баса белгилеп көрсөттү:

- Биздин жаңы мүчөлөр биздин биримдиктин максатына моралдык айкындык киргизишти. Алар биздин Ооганстанда жана Иракта эмне үчүн жүргөнүбүздү түшүнүшөт. Анткени зордук-зомбулук алардын эсинен дагы эле кете элек. Бул өлкөлөр ири демократиялуу мамлекеттер коркунучка каршы тура алышпаса, кандай кыйынчылык болоорун билишет.

Буш мырза НАТОго жаңы милдет жүктөлүп жаткандыгын, ал милдет - эл аралык террорчулукка каршы күрөш экендигин кошумчалады:

- Биздин биримдик Нью-Йорктон тартып Мадридге чейин күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган жаңы душмандын алдында калды. Террорчулар биримдик эмнени ыйык тутса, анын баарын жек көрүшөт. Алар биздин эркиндикти жек көрүшөт. Алар биздин биримдүүлүгүбүздөн коркушат. Алар бизди бөлгүлөрү келишет. Алардын максаты ишке ашпайт. Биз бөлүнбөйбүз.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер “НАТОнүн кеңейтилиши Орусияны тынчсыздандырбашы керек, анткени кеңейтилген НАТО ага каршы эч кандай иш жүргүзбөйт” деген оюн билдирди.

Бирок Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Яковенко НАТОго жаңы мүчөлөрдүн киришине, өзгөчө Эстониянын, Латвиянын жана Литванын ага кабыл алынышына Орусия каршы экенин дагы бир жолу кайталады:

- Балтия өлкөлөрүн блокко киргизип жана “ал булардын коопсуздугун камсыз кылат” деп, НАТОнун көп өлкөлөрү Европада согуш болуу мүмкүнчүлүгүн мурдагы түшүнүк менен карап жатышат. Балтия өлкөлөрүнүн аба күчтөрүнө каршы коргонуу системасына киргизилишин жана НАТОнун көзөмөлдөө жана алдын алуу учактарынын биздин чек арагага жакын учушун жана жаңы куралдуу күчтөрдүн жайгаштырылышын ушул логика менен гана түшүнсө болот.

Андан мурда Орусиянын парламентинин Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов да НАТОнун кеңейтилишине Москванын каршылыгын билдирген болчу. Миронов Орусиянын куралдуу күчтөрү дайым даяр абалда экенин жана НАТО кеңейтилгенден кийин чек арадагы кырдаал кандай өнүгүп жатканы тынымсыз көзөмөлгө алынаарын айткан.
XS
SM
MD
LG