Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Мамлекет башчы сунуштаган талапкер министрликке бекитилбей калды


БИШКЕК. Шейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясы ишин улантты. Бул күнү депутаттар президент тарабынан сунушталган өкмөт мүчөлөрүн бекитүү үчүн ар бирине өзүнчө бюллетень салуу менен жашыруун добуш беришти. Депутаттардын көпчүлүк добушун алган Дамир Өскөнбаев Эсептөө палатасынын төрагасы, Кубанычбек Жумалиев биринчи вице-премьер-министр, Уларбек Матеев вице-премьер-министр, Мустафа Кидибаев Билим берүү министри, Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматына шайланышты. Ал эми 20 депутат макул, 22 депутат каршы добуш алган Амангелди Муралиев Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине бекибей калды. Добуш берүүдөн соң жыйынга катышкан өкмөт башчы Николай Танаев депутаттарга терең ыраазычылыгын билдирип, «Амангелди Муралиевдин талапкердигине кийинчээрек дагы кайрылабыз»,-деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG