Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:40

Хамид Карзай Берлинге келди


БЕРЛИН. Эртең Берлинде Ооганстанды калыбына келтирүү маселесин талкуулаган эларалык конференция башталат. Конференциянын алдында германиялык жетекчилер менен жолугушуу үчүн Ооган президенти Хамид Карзай кечээ кеч Берлинге барды. Хамид Карзайды канцлер Герхард Шрөдер жана тышкы иштер министри Жошку Фишер кабыл алары күтүлүүдө. Ал эми бүгүн болсо Хамид Карзай инвесторлордун эларалык конференциясына катышып, сөз сүйлөдү. Анда Ооганстан курулуш, газ, мунай, транспорт жана байланыш тармагын өнүктүрүү багытында инвестицияга муктаж экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG