Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Өзбек милициясы куралчан топ менен атышты


ТАШКЕН. Эларалык маалымат агенттиктеринин маалыматтарында Ташкенге жакын жерде куралчан топторго каршы Өзбекстандын күч кызматтарынын жүргүзгөн аракеттеринен 19 адам набыт болду. Алардын катарында атайын кызматтын үч өкүлү бар экендиги айтылууда. “Рейтер” агенттигинин расмий булакка таянып жазганына караганда, калган 16 кишинин бешөө аял болгон. Күч бийлиги жардыруулардан кийин бул аймакты кароолго алган болчу.

Ал эми жекшемби, дүйшөмбү күнкү Ташкендеги жана Букарадагы эки жардырууну жанкечти аялдар ишке ашырышкан деген маалымат бар. Анда 19 адам өлүп, 30 чамалашы жаракат алган.

Президент Ислам Каримов жергиликтүү телеберүү аркылуу Өзбекстандагы жардырууларды узак убакыт даярдалып жасалган терракт катары баалады. Ал эми “Хизб ут-Тахрир” уюму Өзбекстандагы терракттарга тийешеси жогун жарыялады.

XS
SM
MD
LG