Мен жандуумун дегендин баарысына кайрадан жан кирип, кайрадан жашоо, кайрадан өмүр, сүйүү башталды. Касиеттүү жер эне кериле боюн жазып, кучагын түркүн түстөгү келгин куштарга, гүлдөргө толтурду.
Жаздын алгачкы жамгыры, алгачкы көктөмү, алгачкы шаңы обончу Атайбек Бөдөшовдун "Көктөм ыры" аттуу обонунда эң бир элестетүү, эң бир мукамдуу сыпатталган. А.Бөдөшовдун "Көктөм ырын" эстрада ырчысы Шахрезада Аскарова сиздерге тартуу кылат.