Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

Грузияда Саакашвилинин союздаштары добуштардын дээрлик 70 пайызын алды


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, жекшембидеги парламенттин шайлоодо президентти колдогон "Улуттук кыймыл" партиясы шайлоочулардын 67 пайызынын колдоосуна ээ болду. Ал эми башка партиялардан бир гана оңчул оппозициядагы, сабырдуу туруму менен белгилүү "Өнөр жайчылар" партиясы 7 пайыздык чекти алып, парламентке кирди. Мыйзам бузууларга байланыштуу Ажарияда 14 шайлоо бекетинде берилген добуштар жокко чыгарылмакчы. Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзенин "Демократиялык Кайра жаралуу" партиясы 7 пайыздык чекке аз гана жерден жетпей калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG