Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Өзбекстандагы окуяларга коңшулары тынчсызданып жатышат


Азербайжандын президенти Илхам Алиев Ислам Каримовго кат жолдоп, Өзбекстандагы окуяларды "террордук акт" деп атады жана аларга катуу нааразылык билдирди.

Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов Каримовго телефон чалып, айыпсыз курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев анын өлкөсү Өзбекстанга колдон келген жардамын аябасын бышыктады. Кытайдын тышкы иштер министри Ли Жао Ксиаң Өзбекстандын куралчандарга көргөн чараларын Бээжин колдойт деди.

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов анын кызматкерлери өзбек кесиптештери менен тыгыз байланышта болуп жатканын жана кыргыз-өзбек чегарасы бекемделгенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG