Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

ӨЗБЕКСТАН: ЭЛАРАЛЫК КООМЧУЛУКТА ЭМНЕ КЕП?


Өзбекстанда соңку күндөрү орун алган окуялардан улам Борбор Азия өлкөлөрү чегара көзөмөлүн күчөттү. Ырасмий Ташкендин дарегине көңүл айтуу телеграммалары жөнөтүлүүдө. АКШ, Кытай жана КМШнын айрым мамлекеттери бул жерде орун алган террордук кыянатты айыпташты. Ал эми ырасмий Ташкендин террорду "Хизб ут-Тахрир" жасады деген ырастоосун бул уюм төгүндөп жатат.

Батыштык басылмалар Өзбекстандагы окуяларды баяндаган макалаларында бул өлкөдө, дегеле Борбор Азия чөлкөмүндө жанкечтилердин чабуулу биринчи жолу катталып олтурганын жапырт белгилешти. Адатта Жакынкы Чыгышта орун алып келген мындай окуя ушул дүйшөмбү күнү Өзбекстанда бир эмес, эки адам тарабынан жасалган.

Эки жанкечти аялдын Ташкендин эң ири – "Чорсу" базарында өзүн-өзү жардыруусунан ырасмий маалыматтар боюнча, үч милиция кызматкери жана бир жаш бала каза тапты. Өзбекстандагы соңку окуяларга байланыштуу биринчи эле кадам катары Борбор Азия өлкөлөрү бул коңшусу менен чегараларын кайтарууну, андан ары–бери өткөндөрдү текшерүүнү күчөтүүдө.

Казакстандын жана Тажикстандын президенттери өзбек кесиптеши Ислам Каримовдун дарегине жолдогон телеграммаларында өлкө аймагында болгон жардырууларды айыптоо менен ырасмий Ташкенге алар тарабынан колдоо көргөзүлөөрүн билдиришкен.

Өзбекстандагы террордук кыянатты ырасмий Москва да кескин айыптады. "Биз террорчулар үчүн географиялык, саясий, атүгүл диний чен-өлчөмдөр да жок экенин ырастаган мындай аракеттерди чечкиндүү түрдө айыптайбыз",- деди Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко.

Ал эми Кытайдын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандагы окуяларды "терракт" катары бааласа, АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Вашингтондогу басма сөз жыйынында аларды "ырайымсыз зомбулук" деп мүнөздөдү:

-Биз Өзбекстандагы бул ырайымсыз зомбулукту айыптайбыз. Өзбекстандын өкмөтүнө, террордук актыдан улам өмүрүнөн айрылган адамдардын жакындарына, жарадар болгондорго көңүл айтабыз. Бул кол салуу - өзүлөрүнүн жаңылыш максатына жетүү үчүн эч нерсени карабай тургандарга каршы кызматташтык маанилүү экенин көргөзгөн дагы бир мисал.

"Нью-Йорк Таймс" гезити болсо Өзбекстан террордук чабуулга эларалык антитеррордук кампанияда АКШга жакшы колдоо көргөзгөнү үчүн да кабылышы мүмкүн деген жоромолдор бар экенин белгилейт. Ага катар басылма Өзбекстан укук коргоочулар тарабынан эларалык антитеррордук согушту өлкөдөгү диний оппозицияны куугунтуктоосун актоо максатында пайдаланып жатканы үчүн айыпталып жүргөнүн да кошумчалаган.

Өзбек бийликтери мындан беш жыл мурдагыдай эле бул жолку жардыруулар менен кол салуулар үчүн жоопкерчиликти исламчыл экстремисттерге, атап айтканда Өзбекстан ислам кыймылына (ИДУ) жана ага ымалалаш уюм деп эсептелген "Хизб ут-Тахрирге", ошондой эле вахаббизмдин жактоочуларына жүктөөдө. "Хизб ут–Тахрирдин" Лондондогу кеңсеси буга байланыштуу атайын билдирүү тараптып, ырасмий Ташкендин ырастоосун төгүндөдү. Уюмдун өкүлү Имран Вахид:

- Биздин түшүнүгүбүздө ислам дини күнөөсүз адамдарга кол салууну айыптайт. Андыктан Ташкендеги кол салуу ылайыксыз нерсе. Биз билгендей, мындан бир нече жыл мурун Ташкенде болгон жардыруулардан көргөндөй өкмөт "Хизб ут–Тахрир" сыяктуу зордук-зомбулукту көздөбөгөн, тынч маанайдагы уюмдарды талкалоо үчүн жогорудагыдай кол салууларды өзү уюштурган.

"Хизб ут-Тахрирдин" билдирүүсүндө ошондой эле Өзбекстанда миңдеген мусулмандар мыйзамсыз камалып, абак жайларда адам чыдагыс кыйноолорго туш болгону, айрымдары кыйноонун азабынан каза тапканы белгиленүү менен азыркы жардыруу да өзбек бийликтеринин пайдасына ойноору айтылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG