Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ КАЙРЫЛАТ


Бүгүн президент А.Акаев элге жана парламент мүчөлөрүнө кайрылат. Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн урунттуу милдеттери белгиленген жыйынга саясий партия, бейөкмөт, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Президент Аскар Акаевдин салтка айланган кайрылуусунда негизинен үч маселеге басым жасалаары болжолдонууда. Ал маселелердин эң орчуну экономикалык проблемалар, өнөр жай өндүрүшүн алдыга жылдыруу, калк турмушун жакшыртууга социалдык дем-шык берүү. Референдум аркылуу Конституция жаңылангандан кийинки олуттуу өзгөрүү - бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшү. Ага ылайык эмдиги жылдын башында парламенттик, жыл соңунда президенттик шайлоо өтөт. Президент А.Акаев жыл башында "түз эфир" аркылуу эл менен баарлашуусунда конституциялык референдум жаңыча иштөөгө өбөлгө түзөөрүн мындай билдирген:

- Февралдагы референдумда мага көрсөтүлгөн колдоо ички жана тышкы саясатта бекем позицияны, айкын багытты кармоого чоң күч-кубат, дем-шык берди.

Президент өз кайрылуусунда социалдык маселелерге да токтолот.
XS
SM
MD
LG